Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата 2024-жылдын 12-ноябрында “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде эскерүү иш-чарасын уюштурду.
“Манас” университети тарабынан экинчи жолу уюштурулган аталган маанилүү эскерүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкадырова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору Болот Абдырахманов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, ректордун кеңешчилери PhD., Кемал Полат жана доцент Сейил Нажимудинова, академиялык, административдик кызматкерлер, студенттер жана басма сөз кызматкерлери катышты.
“Ата-Бейитте” биримдик жана боордоштук билдирүүсү
“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде уюштурулган эскерүү иш-чарасы көркөм атмосферада өткөрүлдү.
Катышуучулар “Ата-Бейит” эстелигин көздөй кыргыз жана түрк желектери, репрессия курмандыктарынын сүрөттөрү жана тарыхый аң-сезимге басым жасаган транспаранттардын коштоосунда басышты. Бул маанилүү жүрүш кыргыз-түрк боордоштугун жана достугун көрсөтүү менен гана чектелбей, ошол эле учурда эки өлкөнүн орток баалуулуктарына карата байланыштарын бекемдеди.
Жөө жүрүштөн кийин 1938-жылдагы репрессия курмандыктарынын жана Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүлчамбарлар коюлду. “Манас” университети үй-бүлөсү куран окуп, курман болгон баатырларды урматтоо менен эскерди.
Эскерүү иш-чарасы эки өлкөнүн улуттук гимндери жана ачылыш сөздөрү менен уланды.
“Эгерде сенин эстей турган өтмүшүң жок болсо, анда сен маңкуртсуң”
Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев өз сөзүндө “Манас” университети эскерүү күндөрүнө карата өзгөчө иш-чара өткөрүп жатканын белгилеп, “Бүгүнкү күндө биз улуттун жана мамлекеттин калыптанышына салым кошкон ата-бабаларыбызды, келечек муун үчүн ак эмгегин, күч-кубатын, билимин жана өмүрүн арнаган репрессиянын курмандыктарын эскерип отурабыз. Биздин милдетибиз - алардын рухуна багыштап куран окуу”, - деди.
Тарыхый окуялардын маанилүүлүгүн белгилеген биринчи проректор сөзүн мындай деп улантты: “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун негизделгенине быйыл 100 жыл болду. Ата-бабаларыбыз, айдыңдарыбыз мамлекеттүүлүккө умтулуп, ушул күнгө жетүү үчүн канчалаган кыйынчылыктарды баштан өткөрүштү. 1924-жылдын 7-ноябрында биздин алдыңкы интеллигенция өкүлдөрүнүн арты менен өз мамлекетибиз түптөлдү, Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлдү.”
“Эгерде сенин эстей турган өтмүшүң жок болсо, анда сен маңкуртсуң. Эч качан маңкурт болбошубуз керек. Биз өзүбүздүн кылым карыткан тарыхыбыз менен сыймыктанышыбыз керек. Ата-бабаларыбыз мурас кылып бизге мамлекет менен тамыры терең маданият калтырып кетишти. Биз дагы кийинки урпактарга аманат катары өткөрүп беришибиз керек”, - деген саясий и.к., доцент Ибраев иш-чаранын катышуучуларын келечекти ойлонууга чакырды.
Бардык нерсе тилден, дилден, маданияттан жана тарыхтан башталарын айткан биринчи проректор аталган иш-чараны уюштурууга салым кошкон ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейланга жана окуу жайдын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирип, жогорку окуу жайларда билим берүүгө гана эмес, тарбиялык мааниси бар иш-чараларга да көңүл буруулусу керектигине көңүл бурду.
“Ата-Бейит” эстелигинде
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан окуу жайдын студенттери акылдуу жана эмгекчил экенин, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанарын белгилеп, “Студенттердин жетишкендиктери менен сыймыктанабыз. Алардын акылдуу жана эмгекчил болгону гана эмес, ошол эле учурда адеп-ахлактары менен тарыхына, маданиятына урмат көрсөтүп, көпчүлүктөн обочолонуп тургандыгы сыймык тартуулайт” , - деди.
Ректор, PhD., профессор Жейлан өткөндү урматтоо жана эгемендүүлүк күрөшүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, “Бүгүн бул жерде, “Ата-Бейит” эстелигинин, ата-бабаларыбыздын эстелигинин алдында чогулуп, аларды урматтоо менен эскерип, идеалдарын уланып кетүүгө болгон каалообузду дагы бир ирет чечкиндүүлүк менен билдирип жатабыз. Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө Кыргызстанда баскынчылыкка каршы туруштук берип, сүргүндөргө жана геноциддерге карабай тирүү калуу эрктүүлүгүн көрсөткөн, жан аябай эркиндик үчүн күрөшкөн, кийинки муундарга бул күрөштү мурас калтырган ардактуу адамдарды эскерүүдөбүз”, - деп айтты.
“Тамыры терең байланыштар - келечегибиздин кепилдиги”
Боордош эки өлкөнүн оор мезгилдерде бири-бирине көрсөткөн колдоосун айткан PhD., профессор Жейлан: “Тамыры терең тарыхыбыз, байланыштарыбыз бизди кайгы-капада да, кубанычта да бир болууга жана биргеликте аракеттенүүгө милдеттүү кылууда. Тарыхтын бардык кыйынчылыктарын жана тоскоолдуктарын тилектештик дем менен жеңе алдык. Бул жерде биз дагы бир жолу ата-бабаларыбызга болгон урмат-сыйыбызды жана жаркын келечекке алып бара турган боордоштук байланыштардын маанилүүлүгүн билдирип жатабыз. Өткөн тарыхыбызды бириктирген бул байланыш келечекте биздин биримдигибиздин жана тилектештигибиздин кепилдиги болот деп ишенебиз",-деди.
“Биздин университет келечек муундарга боордош эки өлкөнүн орток идеалын жеткирүүдө”
Ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан университет кыргыз жана түрк жаштарын жана аларды орток идеалдардын айланасында бириктирип жатканын айтып, буларга токтолду: “Боордош эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жемиши болгон окуу жайыбыз кыргыз жана түрк жаштарын, аларды жалпы идеалдуу горизонттун тегерегинде бириктирип келечектеги түрк дооруна даярдап жатат. Биз баатыр ата-бабаларыбыз калтырган мурасты алып жүрүүгө жана аны келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн маданиятыбызды, тилибизди, тарыхыбызды жана орток баалуулуктарыбызды түбөлүккө сактап калууга ант бердик. Айтматов чыгармаларында айткандай, жаштардын манкурт болбошун, ошондой эле Гази Мустафа Кемал Ататүрк да белгилегендей, биз жаштардын эркин акыл, эркин абийир, эркин даанышмандыкка ээ муундар болушун каалайбыз жана учуру келгенде алардын ордунан туруп, оккупацияга жана империализмге чечкиндүү түрдө: “же көзкарандысыздык же өлүм” деген дем менен каршы турушун каалайбыз. Биз түрк дүйнөсү дүйнө жүзү боюнча илимдин, маданияттын жана искусствонун борбору болушун каалайбыз.”
Ректор Жейлан сөзүн төмөндөгүдөй жыйынтыктады: “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү кыргыз эли, жалпы түрк дүйнөсү үчүн биримдиктин, боордоштуктун күндөрү болушун каалайбыз. Урматтуу ата-бабаларыбызды терең урматтоо менен эскеребиз. Алардын жаткан жерлери жайлуу болсун. Түркия менен Кыргызстандын достугу жана боордоштугу түбөлүк жашасын!”
Иш-чара КТМУнун гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн ага окутуучусу, тарых и.д., профессор Кубатбек Табалдиев өткөн ачык сабак менен уланды.
Анда профессор Табалдиев кыргыз тарыхында жалпы эл эсине сала турган учурлар арбын экенин белгилеп, алардын бири 1938-жылдагы Чоң-Таш окуяларына токтолуп, күндүн маанисине жана маанилүүлүгүнө байланыштуу маалыматтар менен бөлүштү. Профессор өз сөзүндө “Ата-Бейиттин” ачылышы Бүбүйра Кыдыралиева калтырган маалыматтардын негизинде, тагыраагы, оозеки тарых менен байланыштуу экенин билдирди.
Эскерүү иш-чарасы эстеликке жамааттык сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DCRs-KkNfVj/?igsh=MTh6ZGIycXV2ejhmcA==
https://www.instagram.com/p/DCRto6nNfEE/?igsh=enpzbTc3OXo5eW1t
https://www.instagram.com/p/DCRy_BNN5UP/?igsh=ZzJ0dDNzM2phcWxk
https://www.instagram.com/p/DCRz0eSNPdZ/?igsh=MTQ3ZmdjbXYwamV6MA==
Instagram:
https://www.instagram.com/reel/DCRsI20tvOm/?igsh=cDB0aXUyMHo3ZHk=
https://www.instagram.com/reel/DCRwyH3Ngtm/?igsh=MXNjMzlsOHFvZ2JhYg==
https://www.instagram.com/reel/DCRxR2VNvix/?igsh=MWN2am43dWF5dTc1Ng==
https://www.instagram.com/reel/DCRxZiptQZa/?igsh=dWhweXBzdHJyMjR0
Manas TV Haberi: