2024-жылдын 9-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин филология бѳлүмү тарабынан мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына жана окуу жайдын 30 жылдыгына арналган “Билим – жашоо чырагы” аттуу иш-чара уюштурулду.
Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн аталган иш-чарага филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Бурул Сагынбаева баштаган профессордук-окутуучулук курам, акын, жазуучу, коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекова жана көптөгөн студенттер катышты.
Иш-чаранын ачылыш сѳзүн сүйлөгөн филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Бурул Сагынбаева “Билим – жашоо чырагы” программасы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо буйругунун негизинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата өткөрүлгөнүн айтты.
Тил, маданият жана билим үч бурчтугундагы маңыздуу күн
Филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Бурул Сагынбаева өз сөзүндө студенттердин билим алуу менен гана чектелбестен, билимдин теориясын алып жатышканын баса белгилеп, “Эми практикалык жагын дагы көрөлү. Анткени филология бөлүмүндө классикалык адабият, Ата Мекендик адабият, тил, фольклор сыяктуу тармактарда билим берип жатабыз. Мына ошолордун баарын кайра эле студенттерге алган билимин поэзия, драма, жана ар кандай фольклордук чыгармаларда сценка коюу менен чагылдырып берүүнү туура көрдүк”, - деген бөлүм башчы Сагынбаева мындай иш-чаралардын көп уюштурулганы студенттердин жашоосунда унутпай турган бир өзүнчө бир тарыхый окуя болуп каларын белгиледи.
Кеченин кадырлуу коногу – акын, жазуучу жана коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекова сахнадан орун алып, катышуучуларга “Курманжан Датка” эпикалык поэмасы тууралуу айтып берди. 2014-жылы “Курманжан Датка” аттуу поэмасы үчүн бүткүл дүйнѳлүк “Open Central Asia Book Forum & Literature Festival” аттуу адабият сынагында татыктуу орунга ээ болгон Арстанбекова чыгарманын жазылыш тарыхы тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.
Программанын жүрүшүндө жазуучу, публицист, драматург Мар Байжиевдин чыгармачылыгына арналган доклад окулду. Филология бѳлүмүнүн студенттери театралдык жана музыкалык искусствону айкалыштырган ар тараптуу программа тартуулашты. Мамлекеттик тил тууралуу аткарылган ырлар, сахналаштырылган сценкалар жана ыр-бий менен коштолгон иш-чара көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Иш-чара жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DDeNmMINIWr/
Instagram: