2024-жылдын 12-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин түркология бөлүмү тарабынан уюштурулган “Түркология семинарлары” алкагында филология илимдеринин доктору, профессор, Айтматов таануучу Лайли Үкүбаева “Ч. Айтматовдун романдарында фантастикалык сюжеттердин көркөм функциясы” деген темада семинар өттү.
Түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулгандыгынын 96 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарага профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.
Семинардын жүрүшүндө Үкүбаева жазуучунун романдарындагы фантастикалык сюжеттердин аткарган көркөм функциясы тууралуу кызыктуу баяндамасын сунду.
Айтматов “Кылым карытар бир күн” романында биринчи жолу фантастикалык сюжетке кайрылганын, көптөгөн изилдөөлөрдө бүгүнкү күнгө чейин маңкурт деген маселе фантастикалык сюжеттин өзөгүн түзүп турарын белгилеген Үкүбаева: “Чыгарманын негизги идеясы маңкуртка байланыштуу маселе көбүрөөк болуп тургандыгынан негизги басым жасайт экенбиз да. Ал эми ошол эле проблеманы Айтматов фантастикалык сюжетти түзүү менен чыгармачылыгында биринчи жолу ушул чыгарманын масштабын кеңейтип, проблеманын өзөгүн күчөтүү түздөн-түз фантастикалык түшүнүккө байланыштуу ишке ашкан”, - деди.
Үкүбаева жазуучунун чыгармаларын канчалык кайталап окуса, эч нерсе билбеген сыяктуу кайра жаңы нерселер чыга берерин айтып, изилдөөчүлөргө жана студенттерге кайрылып, “Айтматовду Айтматов таануучулар изилдеп койдук, ушуну менен болду деген сөз эмес. Ар бир муун өзүнүн Айтматовуна таандык болушу керек. Силер бүгүнкү күндүн проблемаларынан жана өзүңөрдүн көз карашыңардан Айтматовго келесиңер, өзүңөрдүн Айтматовуңарды ачышыңар керек.”
Түркология бөлүмүнүн башчысы, PhD., профессор Озан Йылмаз филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеваега ыраазычылык билдирип, сөзүн мындай деп улантты: “Айтматов 2008-жылы арабыздан айрылды, бүгүн анын 96 жылдыгын белгилеп жатабыз. Жазган чыгармалары менен түрк дүйнөсүнүн жаштарына, бизге, бизден кийинки келечек муунга маанилүү билдирүүлөрдү берди жана инсанды, элин ойлогон ар бир акын же жазуучу сыяктуу өлбөстүккө татыктуу.”
Иш-чара суроо-жооп бөлүмү менен уланып, семинардын соңунда түркология бөлүмүнүн башчысы, PhD., профессор Озан Йылмаз баалуу салымы үчүн филология илимдеринин доктору, профессор Үкүбаевага ыраазычылык баракчасын ыйгарды.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DDotd3lNz_j/?igsh=MTN0NGUwMXNsYmgx
Instagram: