“Манас” университетинде маанилүү иш-чара: “Карабахтагы 30 жылдык экотеррор чындыктары”


  • 2024-12-16

2024-жылдын 13-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында “Карабахтагы 30 жылдык экотеррор чындыктары” аттуу китептин бет ачары болуп өттү.

Ректорлуктун жыйындар залында өткөн иш-чарага Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов, КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, Жаш калемгерлер биримдигинин башчысы Интикам Яшар, Кыргызстандагы “Маариф” фондунун директорунун орун басары Кыялбек Акматов, Азербайжан жаштар фондунун мүчөсү Сейфур Хажимурадов, академиялык жана административдик кызматкерлер менен бирге студенттер катышты.

Китептин бет ачары Кыргызстан, Түркия жана Азербайжандын мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталып, андан соң КТМУнун таанытуу тасмасы көрсөтүлдү

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев: “Бир нече багыттан алып караганда университетте өтө маанилүү иш-чара болуп жатат. Биринчиден, дүйнө жүзүндөгү жүрүп жаткан глобалдык процесстер, экинчиден, бул биздин тарыхыбызга, маданиятыбызга байланыштуу, бир гана Азербайжан өлкөсүнө эмес бүткүл түрк дүйнөсүнө тиешелүү бир көйгөй десек жаңылышпайбыз”, – деп, Тоолуу Карабахтагы 30 жылдык кагылышуу – адамзаттын башынан өткөн трагедиялык тарых экенин, бул аймакта болгон кайгылуу окуялардын кесепетинен 30 миңден ашуун адам каза болуп, миллиондогон адамдардын тагдырына терең изин калтырганын белгиледи.

“Карабахтагы 30 жылдык экотерроризмдин чындыгы жана анын кесепеттери тууралуу бул эмгек – экологиялык кылмыштын терең талдоосу. Отуз жыл бою бул аймакта болуп өткөн экологиялык кыйроо, талкалоочу чарбалык иш-аракеттер жана адамзат менен жаратылыш ортосундагы трагедиялуу карама-каршылыктын  толук сүрөтүн берет деп ишенем”, – деген биринчи проректор китеп келечектеги муун үчүн да баа жеткис булак болуп саналарын айтты.

Тоолуу Карабахтагы кагылышуу – бул тек гана аймактык талаш эмес, адамзаттын өзүнүн адамгерчиликтүүлүгүнө, жаратылышка мамилесине болгон сынагы экенине көңүл бурган Ибраев: “Бул эмгек – тынчтыкка, өз-ара түшүнүүгө жана адамдардын ынтымагына чакыруу болуп саналат. Китептин жарык көрүшүнө өз салымын кошкон бардык изилдөөчүлөргө жана авторлорго терең ыраазычылыгымды билдирем!” – деди.

Карабах – азап тарткан, кыйынчылыкты башынан өткөргөн, бирок бир күн да кутуларынан күмөн санатпаган мекендин бир бөлүгү экенин айткан ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан буларга токтолду: “Эң кыска убакытта мурдагыдан дагы жакшы абалга келерине эч күмөнүм жок. Азаптар, кыйынчылыктар болбосо жакшы күндөрдүн мааниси жок. Биз азапты башыбыздан өткөрдүк, бирок Карабах жеңишинин жылдыгын белгиледик.”

“Манас” университети менен Азербайжандын ортосунда тыгыз байланыш уланып жатканына көңүл бурган ректор: “Карабах аймагына да өзгөчө көңүл бурабыз. Маалым болгондой, ал жакта университет ачылды, биз бул окуу жай менен тыгыз кызматташабыз. Эмдиги жылы биздин мугалимдердин айрымдары ошол жерде болушкандай, университет катары студенттердин бир бөлүгүн да Карабахта болушун камсыз кылабыз.”

Жазылбагандын баардык нерсе убакыттын өтүшү менен жок болот. Кагазга төгүү керек, сөзсүз документтештирүү керек. Тарых илими да бул документтер аркылуу иш алып барат. Документиңиз болсо, эч ким аны тана албайт”, – деген Жейлан Карабахта көптөгөн жазуулар сакталганын жана аларды бүт дүйнө таанып, көрөрүн, зордук-зомбулуктун көлөмүн баары аңдайт деген ишеничин билдирди.

Экотерроризм: Карабахтагы экологиялык кыйроонун 30 жылдык тарыхы

Ректор, PhD., профессор Жейлан өз сөзүндө: “Бүгүн тааныштырылган эмгек экологиялык терроризмдин табиятын, маданий жана тарыхый эстеликтерди кантип жок кылганын Карабахтын мисалында изилдеген маанилүү изилдөө болуп эсептелет. Бул эмгек дүйнө туш болгон терроризмдин түрүн изилдөө менен эле эмес, түрк элинин табият менен болгон бекем мамилесин баса белгилеп, дүйнөлүк экологиялык терроризм тууралуу кенен маалымат берүүчү чыгарма экени талашсыз. Бул эмгектин жаралышына, таанылышына салым кошкондорго ыраазычылык билдирем. Окурмандары көп болсун”, – деди.

Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов эмгек Карабахтагы экологиялык кыйроонун масштабын көрсөткөнүн билдирип, “Бул китеп – мурда болуп өткөн экологиялык кырсык тууралуу гана эмес, келечекке сабак болчу эскертүү. Ошондой эле китеп эл аралык коомчулуктун аң-сезимин ойготот”, – деген ишеничин билдирди.

Иш-чара “Карабахтагы 30 жылдык экотеррор чындыктары” китебинин бет ачарынын илимий жыйыны менен уланды. Жаш калемгерлер биримдигинин башчысы Интикам Яшардын модераторлугунда өткөн илимий жыйында баяндамачылар; Кыргызстандагы “Маариф” фондунун директорунун орун басары Кыялбек Акматов, Азербайжан жаштар фондунун мүчөсү Сейфур Хажимурадов жана КТМУнун гуманитардык факультетинин синхрондук котормо бөлүмүнүн кыргызча-түркчө программасынын ага окутуучусу Мүхиддин Гүмүш баяндама жасашты. Алар Карабахтагы 30 жылдык экотерроризм жана анын кесепети, ошондой эле калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер тууралуу сөз кылышты.

Программа баяндамачыларга ыраазычылык баракчаларын ыйгаруу менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DDpGzK_NrKi/

    Социалдык медиада бөлүшүү