2025-жылдын 13-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Түрк дүйнөсүнүн медиаторлор биримдиги ортосунда кызматташтык протоколуна кол коюлду.
КТМУнун окумуштуулар кеңешинин жыйындар залында өткөн кол коюу аземине проректор, PhD., профессор Режаи Доган, башкы катчы, PhD., профессор Исмет Алтынташ, Түрк дүйнөсүнүн медиаторлор биримдигинен төрага, адвокат Якуп Эрикел, төраганын орун басары, адвокат Салиха Саса, башкы катчы, адвокат Юсуф Гөзел, байланыштар жана кызматташтык комитетинин төрагасы, адвокат Хавва Хажинежипоглу, Кыргыз Республикасынын медиаторлор коомчулугунун байкоочу кеңешинин төрайымы Гулсина Кожоярова, TDAB’дын Кыргызстан боюнча комиссиясынын мүчөлөрү, адвокаттар Ирфан Медет Акпынар жана Мехмет Али Баранлы катышты.
Протоколдун алкагында медиация жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, академиялык жана илимий иш-аракеттерди жүргүзүүгө, түрдүү билим берүү программаларын жана маданий иш-чараларды уюштуруу максаты көздөлүүдө. Тараптар түзүлгөн кызматташтыкты академиялык чөйрөдө гана эмес, ошол эле учурда маданий жана социалдык байланыштарды чыңдоо аркылуу түрк дүйнөсүндөгү орток баалуулуктарды бекемдей турганын баса белгилешти.
Кол коюу аземинен кийин тараптар бири-бирине белектерин тапшырышты. Андан соң биритмдиктин башкаруу кеңешинин мүчөлөрү КТМУнун студенттери менен жолугушуп, медиация тууралуу мазмундуу жана интерактивдүү маек курушту.
Медиация: Коомдук тынчтыктын көпүрөсү
Аталган биримдиктин төрагасы, адвокат Якуп Эрикел жетектеген маекте медиациянын коомдук тынчтыкка кошкон салымы талкууланды. Эрикел: “Медиация коомдо көпүрө катары талаш-тартыштарды чечүүнүн эффективдүү куралы. Биримдик 11 өлкөдө ишмердүүлүгүн активдүү улантууда. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түрк дүйнөсү медиация клубдарын түзүүнү каалайбыз”, - деп студенттерди медиация иш-чараларына катышууга чакырды.
Маектин жүрүшүндө эмгек укугу, үй-бүлө укугу, мурас укугу, кошуналык укугу жана коммерциялык укук сыяктуу түрдүү тармактагы медиация процесстери тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Юристтер медиация мыйзамдуу чечим гана эмес, коомдун түрдүү катмарын бириктирген байланыш механизми экенин баса белгилешти.
Жолугушууда катышуучулар бул маанилүү кызматташтыктын түрк дүйнөсү үчүн маанилүү кадам экенин айтып, бул процесске студенттердин да кошулуусу өсүп келе жаткан муундун медиация тууралуу маалымдуулугун арттырууда чоң мүмкүнчүлүк экенин белгилешти.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/p/DGDQXiMtwQu/?igsh=bHFocWc1N2xvcnFh