Театралдык искусство таланттарынан эстен кеткис класс-концерт: “Сахна”


  • 2025-02-21

2024-жылдын 19-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмү тарабынан даярдалган “Сахна” аттуу класс-концерт өзгөчө шаң менен болуп өттү.

Театрлаштырылган концертке зал толо көрүүчүлөр келип, аталган бөлүмдүн 1-2-3-4-курсунун студенттери окуу учурунда алган билимдерин сахнада көрсөтүшүп, алардын ар бир аткаруусун дүркүрөгөн кол чабуулар коштоп турду.

Маданий иш-чаранын кадырлуу коноктору катары КТМУнун проректору, PhD., профессор Режаи Доган, башкы катчы, PhD., профессор Исмет Алтынташ, КРнын Эл артисти, театралдык искусство  бөлүмүнүн негиздөөчүсү, профессор Мелис Шаршенбаев, КРнын  Эл жазуучусу, драматург Кайрат Иманалиев, КРнын Эл артисти Асыл Набиева, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, театралдык искусство бөлүмүнүн мурунку бөлүм башчысы Аманбек Жапаров, А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын директору, актер Жолдошбек Жанжигитов, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директору Акылбек Алибаев, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын директору Жумакадыр Курмангалиев, көркөм жетекчиси, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Орозбек Айдаров, ырчы, актриса, уз Сайра Момунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин проректору Кубат Жакыпов, театр факультетинин деканы Сайра Эсенбаева жана студенттери, Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун жетекчиси Уланбек Мамбетакунов, окуу иштери боюнча директордун орун басары Рахат Акматова жана окуучулары, КТМУнун көркөм өнөр факультетинин деканы, PhD., профессор Күршад Гүлбейаз, профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана коноктор катышты.

Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн иш-чара студенттердин университетти аяктагандан кийин жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, иш чөйрөсүнө адаптациялоо менен мындай аткаруулар аркылуу аларга колдоо көрсөтүү максатында уюштурулду. Ошондой эле бул жаатта университеттин жана студенттердин таанымалдыгын арттыруу максатын көздөгөн концерт искусство сүйүүчүлөрдүн назарына тартууланды. Ага ылайык, бүгүнкү замандын талабына ылайыкташкан адистерди тарбиялоодо актердук чеберчилик, көркөм окуу, вокал, бий, сахна кыймылы сабактарынан камтылган дүйнөлүк классикалык жана түрк дүйнөсүнө белгилүү болгон чыгармалардан монологдор, интермедия, обондуу ырлар, бийлер, этюд жана сахна чабышына негизделген ар тараптуу профессионалдык концерт эстен кеткис көз ирмемдерге бай болду.

Класс-концертте “Кызыл жоолук жалжалым”, “Эрте келген турналар” ж.б дүйнөлүк классикалык чыгармалардан монологдор, “Кыргыз жери”, “Мөлмөлүм”, “Mesafe” ж.б обондуу ырлар, кыргыз жана түрк бийлер аткарылып, “Маш ботой” күүсү жаңырды.

Концерттик программанын жүрүшүндө КТМУнун көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн түзүлүшүнө жана өсүп-өнүгүү жолундагы жогорку чеберчиликтеги адистерди даярдоого кошкон салымы үчүн чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүнө жана маданият ишмерлерине, алсак; КРнын Эл артисти, театралдык искусство  бөлүмүнүн негиздөөчүсү, профессор Мелис Шаршенбаевге, КРнын Эл жазуучусу, драматург Кайрат Иманалиевге, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, театралдык искусство бөлүмүнүн мурунку бөлүм башчысы Аманбек Жапаровго, Бишкек шаардык  А.Өмүралиев атындагы театрынын директору Жолдошбек Жанжигитовго жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети ректору Түмөнбай Колдошовго, ошондой эле көрсөткөн колдоосу үчүн ырчы, актриса, уз, көп кырдуу талант Сайра Момунбаевага ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

КТМУнун проректору, PhD., профессор Режаи Доган иш-чаранын соңунда сүйлөгөн сөзүн келген конокторго ыраазычылык билдирүү менен баштады. Көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн студенттеринин мыкты аткарууларын жөн гана көңүл ачуу катары көрүү жаңылыштык экенин айткан проректор буларга токтолду: “Театр – бул маданиятты жеткирүүнү, бирге жашоону, ой жүгүртүүнү, чыгармачылыкты, ар түрдүү типологияларды таануунун эң жакшы жолу. Мифологиялардан бүгүнкү күндүн бүтүндөй заманбап чыгармаларына чейин ушул өңдүү. Бардык адамдар сынчыл ойлонууну, айырмачылыктарга урмат көрсөтүүнү үйрөнүүнү кааласа, балалык кезинен баштап сахна өнөрүнө кандайдыр бир түрдө кызыгуусу керек. Бул искусствонун ушунчалык күчтүү тармагы!”

Студенттер Кыргызстандын, түрк дүйнөсүнүн, бүткүл адамзаттын ой жүгүртүүсүн өзгөртөрүн көрсөткөнүн белгилеген PhD., профессор Доган аларды мыкты өстүргөн мугалимдерине ыраазычылык билдирди.

КТМУнун көркөм өнөр факультетинин деканы, PhD., профессор Күршад Гүлбейаз өз сөзүндө технология искусство билимине гана эмес, жалпы билим берүү тармагына да таасир этип, дүйнө жүзү боюнча билим берүү системасы, педагогикасы өзгөргөнүн белгилеп, мындай деп улантты: “Театр дегенде эле актёрдук чеберчилик эске түшөт. Бирок биз университеттин миссиясына ылайык, студенттерге бир гана актердук чеберчиликти гана үйрөтпөстөн, дикция; салттуу жана заманбап бийлер, декор, макияж сыяктуу көптөгөн түрдүү компоненттерден сабак беребиз. Мына бүгүн алардын биринчи курстан төртүнчү курска чейин алган билимдеринин жыйынтыгына күбө болдуңуздар.”

Келечектеги өнөр адамдарын өстүрүү үчүн жаңы методологияга муктаждык жаралганын белгилеген театралдык искусство бөлүмүнүн башчысы, ага окутуучу Гүлмира Тыналиеванын Кыргызстандын бул тармактагы компетенттүү чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнө жана мамлекеттик ишмерлерине студенттердин таланттарын тартуулап, алардын квалификациясын көрсөтүү максатын көздөшкөнүн билдирди.

Искусство сүйүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, музыканын сыйкырдуу ыргагына жетелеп, жагымдуу маанай тартуулаган класс-концерт эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DGUmSYhNIh7/?igsh=MXN3eDRnMmVkOGVrNg==

https://www.instagram.com/p/DGUm2a1tXNO/?igsh=MWJkdnVpcjJqNTQ5bg==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/DGSg1jGNNN8/?igsh=dG5rNmkxZDI2Zzc3

    Социалдык медиада бөлүшүү