“Манас” университетинин чамгарагында Түркмөнстандын Эл аралык тынчтык жана коопсуздук жылы белгиленди


  • 2025-04-11

Түркмөнстан 2025-жылды Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы деп жарыялады. Ага ылайык, 2025-жылдын 10-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен өзгөчө иш-чара уюштурулду.

Ага КТМУнун проректору, профессор Режаи Доган, Түркменистандын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин атташеси Бахар Бердиева, окутуучулар жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Түркменистандын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин атташеси Бахар Бердиева өз сөзүндө Түркмөнстандын ар бир жылга өзгөчө мааниге ээ аталыш берүүсү элдин улуттук өздүгү жана руханий баалуулуктары менен айкалышкан заманбап салтка айланганын белгиледи. 2025-жылдын Эл аралык тынчтык жана коопсуздук жылы деп жарыяланышы түркмөн элинин дүйнөлүк тынчтыкка болгон терең урмат-сыйынын күчтүү көрсөткүчү экенин айтты.

Бердиева Түркмөнстандын көз карандысыздык жана бейтараптык принциптерине таянган тынчтыкты көздөгөн тышкы саясатынын дүйнөлүк тынчтыкка кошкон салымына көңүл буруп, өз өлкөсүнүн эл аралык уюмдар алдындагы активдүү жана конструктивдүү ролу күн санап күчөп жатканын белгиледи. Бердиева сөзүн мындай деп жыйынтыктады: “2025-жыл адамзат үчүн тынчтык жана коопсуздук түшүнүктөрүн кайрадан ойлонууга жана жалпы келечекти бирге курууга маанилүү мүмкүнчүлүк тартуулайт.”

Андан соң катышуучуларга Түркмөнстандын тарыхын, маданий байлыгын жана тынчтыкка негизделген умтулуусун чагылдырган таанытуу тасмасы көрсөтүлдү. Иш-чара Түркмөнстанга мүнөздүү темаларды чагылдырган маанилүү ырлардын окулушу менен уланды.

 Түрк дүйнөсү катары дүйнөгө дем берген коом болушубуз керек

КТМУнун проректору, профессор Режаи Доган программаны уюштурууга салым кошкон Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы элчилигине ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар түрк дүйнөсүнүн жалпы баалуулуктарын сактоо жана келечекке өткөрүп берүүдө чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Профессор Доган өз сөзүндө түрк элдеринин тарыхый жана маданий биримдигин баса белгилеп, “Биз тарыхка багыт берген, адилеттүүлүктү жайылткан, бөлүшүүнү жана жардамдашууну жашоо философиясы кылган түрк элдеринин урпактарыбыз. Анадолу түрктөрү, түркмөндөр, кыргыздар, казактар... Баарыбыз бир тамырдын чыккан бутактарбыз ”, - деди билдирүүсүндө.

“Манас” университетинин негизги максаты түрк элдеринин ортосундагы маданий байланышты кайрадан эске салуу, бир туугандыкты жандандыруу жана бул аймактарда жалпы аң-сезимди калыптандыруу экенин белгилеген профессор Доган: “Дүйнө кайрадан ырайымдуулук жана цивилизациялык түшүнүккө муктаж болгон бул мезгилде түрк дүйнөсү катары биз көбүрөөк өз ара мамилебизди жандандырышыбыз керек. Биздин каалообуз – “Манас” университети сыяктуу билим берүү мекемелери аркылуу түрк дүйнөсүнүн кайрадан дүйнөгө дем берген, күчтүү жана чоң коомчулукка айлантуу”, - деди.

Ошондой эле профессор Режаи Доган “Манас” университети бардык түрк элдерине эшик ачкан мекеме экенин баса белгилеп, “Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана башка коңшу өлкөлөрдөн келген бардык маданий иш-чараларга окуу жайыбыздын эшиги ачык”, - деди.

Иш-чара катышуучулардын арасында тынчтык, достук жана кызматташтык маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу менен бирге Түркмөнстандын эл аралык аренадагы активдүү ролуна көңүл бурулган маанилүү жолугушуу болду.

Иш-чаранын алкагында КТМУнун гуманитардык факультетинин биринчи кабатында Түркмөнстандын бай маданий элементтери камтылган атайын көргөзмө ачылды. Көргөзмөдө Түркмөнстандын улуттук салттуу кийимдери, колго жасалган буюмдары, маданий буюмдар жана ал өлкөгө тиешелүү түрдүү китептер коноктордун назарына тартууланды.

Түркмөн элинин тамыры терең тарыхын жана бай маданий мурасын чагылдырган көргөзмө студенттер жана окутуучулар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды. Көргөзмөнү кыдырган катышуучулар салттуу түркмөн кийимдеринин оймо-чиймелери, кездеме түзүлүшү жана колдонуу чөйрөлөрү тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Студенттер мындай иш-чаралар түрдүү маданияттарды таанып-билүүгө жана эл аралык түшүнүшүүнүн өнүгүшүнө салым кошоорун белгилеп, иш-чаранын пайдалуу болгонун билдиришти.

    Социалдык медиада бөлүшүү