Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин айыл чарба факультети тарабынан уюштурулган Эл аралык “Манас” түрк дүйнөсү айыл чарба конгресси университеттин 30 жылдык мааракесинин алкагында 2025-жылдын 21-23-май күндөрү өткөрүлдү.
“Түрк дүйнөсүндө туруктуу айыл чарба жана кызматташтык” деген темада өткөрүлгөн конгресс түрк дүйнөсүнөн жана башка аймактардан келген илимпоздорду жолугуштурду.
КТМУнун ректорлук жыйындар залында өткөн конгресстин ачылыш аземине проректор, профессор Режаи Доган, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, айыл чарба факультетинин деканы, профессор Ахмет Айгүн, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координатору Мехмет Бодур, окутуучулар, коноктор жана студенттер катышты.
Ректор Жейлан илимий кызматташтыкка өзгөчө басым жасады
Конгресс ректор, профессор Алпаслан Жейландын атайын билдирүүсү менен башталды. Билдирүүсүндө түрк дүйнөсүнүн айыл чарба, мал чарбачылык, тамак-аш, токой чарбачылыгы жана биотехнология сыяктуу тармактардагы бай билими менен тажрыйбасын ушул маанилүү конгрессте бирдиктүү платформада бириктирүү абдан маанилүү экенин баса белгиледи.
Профессор Жейлан бул конгресс түрк дүйнөсүнүн ар түрдүү аймактарынан келген айыл чарба жаатындагы тажрыйбаларын бириктирип, орток көйгөйлөргө илимий жана туруктуу чечимдерди издеген күчтүү кызматташтык платформасы экенин айтып, “Бул конгресс - маалымат жана тажрыйба алмашуу аркылуу илимий гана эмес, ошондой эле маданий жана стратегиялык байланышты да туруктуу бекемдөөгө шарт түзөт. Өз салымын кошкон бардык илимпоздорго ыраазычылык билдирем”, — деди.
Проректор Доган: “Айыл чарба стратегиялык тармакка айланды”
Проректор, профессор Режаи Доган ачылыш сөзүндө айыл чарба мындан ары жөн гана өндүрүш иши болбостон, экономикалык, социалдык, экологиялык жана дипломатиялык жактан да стратегиялык тармакка айланганын белгиледи.
XXI кылымдагы глобалдык кризистер жана азык-түлүк чынжырындагы бузулуулар цивилизациянын негизги иштөө тартибине таасир эткенин айткан профессор айыл чарба өндүрүшү көлөмгө гана эмес, туруктуулук жана чыдамкайлык принциптерине ылайык каралышы керектигине көңүл бурду.
Айыл чарбага ылайык жайлардын сапаты төмөндөп жатканына көңүл бурган Доган табият менен шайкеш жана туруктуу жашоо образын куруу зарылдыгын белгиледи. Түрк дүйнөсүнүн кеңири аймагынын бай айыл чарба потенциалына токтолуп, бул мурастын илимий жана технологиялык ыкмалар менен келечекке жеткирилиши чоң мааниге ээ экенин айтты. “Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары “Университеттен да артык” деген урааны менен чыккан бул жолдо, бүгүн бул жерде бул көз караштын айкын көрүнүшүн көрүп турганыбызга абдан кубанычтабыз,” — деди.
ТИКАнын айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлору
ТИКАнын Бишкектеги координатору Мехмет Бодур өз сөзүндө айыл чарба экономикалык гана эмес, социалдык, экологиялык жана маданий жагынан да стратегиялык тармак экенин айтып өттү. Ал ТИКАнын Балкан аймагынан Борбордук Азияга, Латын Америкасынан Африкага чейин кеңири аймакта 30 миңден ашык долбоорду ишке ашырып жатканын айтып, бул долбоорлордун билим берүүдөн саламаттык сактоого, айыл чарбадан инфраструктурага чейинки бир нече тармакта жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Кыргызстанда да күнөсканаларды, заманбап сугаруу системаларын жана мал чарбасында өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган билим берүү долбоорлору аркылуу жергиликтүү өнүгүүгө колдоо көрсөтүлүп жатканын белгилеген Бодур конгресс маалымат алмашуу, ошондой эле аймактык кызматташтык үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк экенин айтты.
Академиялык салым жана баяндамалар
Айыл чарба факультетинин деканы, профессор Ахмет Айгүн конгресске негизинен Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан сыяктуу алты өлкөдөн болжол менен 100 илимий доклад менен катышуу болгонун белгиледи. Айыл чарба, мал чарбачылык, азык-түлүк, биотехнология, токой чарбачылыгы жана ветеринария сыяктуу ар түрдүү тармактарда сунушталган докладдар түрк дүйнөсүнүн жалпы көйгөйлөрүн чечүүгө жана аймактык кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган маанилүү салым кошконун айтты.
Конгресс КТМУнун 30 жылдык академиялык тажрыйбасын жана эл аралык илимий көз карашын чагылдырганын белгилеген Айгүн бул иш-чаранын түрк дүйнөсүндө илимий тилектештикти бекемдеген мартабалуу платформа экенин айтты.
Санариптик айыл чарба колдонмолору кызыгуу жаратты
Ачылыш сөздөрдөн кийин конок баяндамачы катары катышкан Акдеңиз университетинин айыл чарба факультетинин окутуучусу, профессор Мехмет Топакчы “Интерактивдүү айыл чарба технологиялары аркылуу айыл чарбасында санариптик өзгөрүү” деген темада баяндама жасады.
Баяндамасында айыл чарба тармагында санариптештирүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасаган профессор Топакчы дрондор, айыл чарба роботтору, мал чарбасындагы алдыңкы технологиялар жана өсүмдүк фабрикалары сыяктуу инновациялык колдонмолор тууралуу кеңири маалыматтар менен бөлүштү. Баяндама катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу жаратты.
Эки күнгө созулган илимий жыйындарда өз тармагында адис окутуучулар жана изилдөөчүлөр ар түрдүү темаларда доклад окушту. Айыл чарба жана мал чарбачылыктан тартып азык-түлүк коопсуздугуна, биотехнологиядан токой чарбачылыгы жана ветеринардык кызматтарга чейинки темалар каралып, түрк дүйнөсүндө кездешкен орток көйгөйлөргө багытталган чечимдер сунушталды.