Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча академиялык маанилүү иш-чара өткөрүлдү. КТМУ менен Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчилигинин кызматташуусунда 2025-жылдын 26-майында ректорлук жыйындар залында “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуучу жол-жобо жана негиздер” деген темада семинар уюштурулду. Аталган семинарды Түркия Республикасынын Конституциялык сотунун мүчөсү, PhD., доцент Режаи Акйел өттү.
Семинарга Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мехмет Мустафа Кемал Өкем, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик, ошондой эле академиялык жана административдик кызматкерлер катышты.
PhD., доцент Режаи Акйел Түркияда көп жылдар бою мамлекеттик башкаруу, аудит жана мамлекеттик саясат жаатында маанилүү кызматтарда иштеген; райондук акимдик, губернаторлук, эсептөө палатасынын төрагалыгы сыяктуу жооптуу мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Учурда Конституциялык Соттун мүчөсү Акйел мамлекеттик кызматтарды мыйзамга ылайык, натыйжалуу жана жарандарга багытталган түрдө жүргүзүү боюнча терең билими менен белгилүү.
Семинардын жүрүшүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү – жөн гана техникалык иш эмес, ошол эле учурда конституциялык жана социалдык жоопкерчилик экендиги баса белгиленди. Акйел өз сөзүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн негизинде жаткан принциптерди (мыйзамдуулук, ачыктык, отчеттуулук, натыйжалуулук, эффективдүүлүк жана жарандарга багытталган кызмат көрсөтүүлөр) кеңири талдады. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууда мекеме жетекчилеринин лидерлик жөндөмдүүлүгүнөн баштап кызматкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүнө, корпоративдик маданияттан көзөмөл механизмдерине чейинки түрдүү факторлорду кеңири талдап өттү.
Презентацияда заманбап өзгөрүүлөр боюнча да сөз болуп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн санариптештирүү процесси, жасалма интеллектти колдонуу жана технологиялык өзгөрүүлөрдүн зарылчылыктары семинардагы өзгөчө көңүл бурдурган темалардан болду. Акйел технологиянын мамлекеттик башкарууга интеграцияланышы иш процесстерин тездетүү менен гана чектелбестен, кызмат көрсөтүүнүн сапатына жана жарандардын канааттануусуна да түздөн-түз таасир этерин билдирди.
Семинардын соңунда кызыктуу баяндамасы үчүн PhD., доцент Режаи Акйелге Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мехмет Мустафа Кемал Өкем, ректор, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев тарабынан ыраазычылык кат жана гүлдесте тапшырылды.
Бул мазмундуу иш-чара КТМУнун мамлекеттик башкаруу жаатында илимий тереңдиктин жана актуалдуу маселелердин негизинде академиялык салым кошуу миссиясын дагы бир жолу бекемдеди.