Бир түн, бир эл, бир каршылык: “Манаста” 15-июль төңкөрүшү эскерилди


  • 2025-07-15

2025-жылдын 14-июлунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратынын жыйындар залында “15-июль - Демократия жана улуттук биримдик күнүнө” арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара ректораттын фойесинде “Жеңиштин аты - ТҮРКИЯ” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы менен башталып, андан соң  ректораттын жыйындар залында уланды.

Программага Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев менен бирге университеттин окутуучулары жана административдик кызматкерлери, элчиликтин өкүлдөрү, Бишкектеги түрк мектептеринин жетекчилери жана мугалимдери, түрк жарандык коомдук уюмдарынын өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери катышты.

Эскерүү иш-чарасы 15-июлдагы шейит кеткендерди бир мүнөттүк эскерүү жана эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери менен башталды. Андан соң Куран окулуп, Түркия Республикасынын коммуникация башкармалыгы менен TРT тарабынан даярдалган 15-июлдагы чыккынчылык аракетти баяндаган кыска метраждуу тасманын көрсөтүлүшү менен уланды.

15-июль төңкөрүшү — элдин чечкиндүүлүгү менен жок кылынган

Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем иш-чаранын ачылыш сөзүндө ФЕТО уюмунун мүчөлөрүнүн Түрк куралдуу күчтөрүнүн ичине кириши аркылуу мамлекетти, конституциялык түзүлүштү жана элди бутага алган кандуу төңкөрүштү эске салды. Ал Түркия Улуу Улуттук Жыйыны баш болгон көптөгөн мекемелердин бомбаланганын, 252 жарандын шейит болгонун жана 2000ден ашуун адамдын жаракат алганын билдирди. Элдин чечкиндүү позициясы жана Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги аркасында бул чыккынчылык аракеттин жоюлганын баса белгилеген элчи Өкем, ФЕТО жөн гана террордук уюм эмес, ошол эле убакта билим берүү жана медиа сыяктуу тармактарда иш алып барган, тышкы байланыштары бар уюшкан тыңчылык уюму экенин айтты. Бул уюм билим берүү мекемелери аркылуу жаштарды пайдаланып, мамлекеттердин маанилүү мекемелерине кирүүнү максат кылганын белгилеген элчи Түркия бул түзүмгө каршы мыйзам чегинде чечкиндүү күрөш жүргүзүп жатканын, өлкө ичиндеги түзүмүн кыйратканын жана чет өлкөдөгү ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн дипломатиялык аракеттерди улантып жатканын билдирди. "Манас" университетинин Түрк дүйнөсү үчүн маанилүү экенине токтолгон элчи Өкем  Түркиянын гана эмес, Түрк дүйнөсүнүн жалпы баалуулугу болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде ушундай маанилүү сөз сүйлөө ал үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди. Университеттин илимий ыкмасы, ачык башкаруу системасы жана универсалдуу баалуулуктарга негизделген билими менен үлгүлүү мекеме экенин белгилеген Өкем КТМУнун дүйнөнүн эң мыкты 1000 университетинин катарына кирип, эл аралык деңгээлде чоң ийгиликке жетишкендигин, бул ийгиликтин түрк-кыргыз кызматташтыгынын билим берүү тармагындагы күчүн ачык көрсөткөнүн баса белгиледи.

15-июль – түрк элинин баатырдык дастаны

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө 15-июль Түркиянын гана эмес, Түрк дүйнөсүнүн да эсинде түбөлүк кала турган тарыхый бурулуш болгонун белгиледи. Бул чыккынчылык аракет тышкы күчтөр менен байланышкан, диний баалуулуктарды кыянаттык менен пайдаланган, элдин эркиндигин жана келечегин бутага алган караңгы түзүлүштүн системалуу басып алуу аракети болгонун баса белгилеген профессор Жейлан элдин эрдиги жана Президент Режеп Таййип Эрдогандын чечкиндүү жетекчилиги аркасында бул коркунучтун жоюлганын билдирди. “15-июль түнү жазылган дастан жөн гана төңкөрүштүн алдын алуу эмес; түрк элинин эркине кишен сала албастыгынын ачык жарыясы” деген профессор Жейлан бул каршылык Эрзурум конгрессинде айтылган “Мандат жана колдоо кабыл алынбайт” принцибинин бүгүнкү чагылышы экенин белгиледи. “Жеңиштин аты: Түркия” темасынын кокусунан тандалбаганын, бул билдирүү элдин өз тагдырына ээ чыкканын, курмандыкка баруудан тартынбаган эркинин жана мамлекетине болгон бекем ишенимин билдирерин кошумчалады. “Манас” университети катары бул сыяктуу тарыхый окуяларды эстеп гана тим болбостон, аларды тарыхый, саясий жана социологиялык жактан талдоону жоопкерчилик катары кабылдаарын айтты. Бул алкакта уюштурулган “15-июлдун социологиялык чагылуусу” аттуу конференциянын да ушул академиялык жоопкерчиликтин бир бөлүгү экенин баса белгиледи. “Биз жөн гана билим берүү менен тим болбостон, ошол эле учурда элдин баалуулуктарына, мамлекеттин келечегине жана демократиянын универсалдуу принциптерине берилген инсандарды тарбиялоону максат кылабыз,”- деген профессор Жейлан сөзүнүн соңунда 15-июльда шейит кеткендерди эскерип, ардагерлерге ден соолук жана бакубатчылык каалап, катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

15-июль - жөн гана саясий кризис эмес; терең социологиялык окуя

Ачылыш сөздөрүнөн кийин “15-июль төңкөрүш аракетинин социологиялык чагылуусу” аттуу конференция КТМУнун социология бөлүмүнүн башчысы, профессор Эртан Өзенсел тарабынан өткөрүлдү. Конференцияда 15-июль окуясынын жекече жана коомдук деңгээлдеги таасирлери көп тараптуу көз караш менен талданды.

Профессор Өзенсел төңкөрүш аракетин жөн гана коопсуздук маселеси катары эмес, коомдук түзүлүш, жамааттык эс-тутум жана жарандык аң-сезим жагынан да ар тараптуу бааланышы керек болгон бурулуш учуру экенин баса белгиледи. Элдин көрсөткөн каршылыгы жана тилектештик формалары аркылуу, кризис учурунда пайда болгон коомдук рефлекстердин кандайча калыптанганын көрсөттү. Ошондой эле медиа жана социалдык медианын окуялардын жүрүшүнө тийгизген өзгөртүүчү таасирине көңүл бурду.

“15-июль Түркияда жөн гана саясий кризис эмес; модернизация, иденттүүлүк, ишеним, коомдук интеграция жана мамлекет-коом мамилелери жагынан көп катмарлуу социологиялык анализдерди талап кылган тарыхый окуя” - деген Өзенсел, мындай окуяларды жөн гана учурдагы натыйжалар менен эмес, узак мөөнөттүү коомдук таасирлери менен бирге каралышы керектигин билдирди.

Программа төңкөрүш түнүндө көрсөтүлгөн улуттук каршылыкты унутпоо жана унуттурбоо чечкиндүүлүгү менен аяктады. Шейиттердин жаркын элесине таазим кылынып, демократияны сактоо жоопкерчилигин келечек муунга өткөрүп берүү зарылдыгы баса белгиленди.

 

Manas TV Programı:

https://www.youtube.com/watch?v=UvNzl0OfLYk

Manas TV Haberleri:

https://www.youtube.com/watch?v=QnerFJJK-ZQ

https://www.youtube.com/watch?v=pvH3dwcE-O0

    Социалдык медиада бөлүшүү