Диндерди таануу бөлүмү - Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Теология факультетинин бөлүмү болуп эсептелет. 2011-2012-жылдары окутуу ишин баштаган Дидерди таануу бөлүмү, 4 жылдык бакалавриат программасы болуп саналат. Окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт жана бул тилдер даярдоо курсунда терең окутулат. Билим берүү учурунда араб тили негизинен чет тили катары окутулат. Бөлүмдө билим берүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген стандарттарга жана Кыргызстан Түркия Манас Университетинин жобосуна ылайык жүргүзүлөт.

Диндерди таануу бөлүмүндө диндердин тарыхы, дин жана маданият, философия, дин философиясы, диндин психологиясы, диндин феноменологиясы, адеп-ахлак жана баалуулуктар, диндин антропологиясы сыяктуу диний илимдерге байланыштуу дин таануу багытындагы дисциплиналар; мындан тышкары Тафсир, хадис, калам, мазхабтар тарыхы, исламий фикх, ислам тарыхы сыяктуу теологиялык дисциплиналар окутулат. Ушуну менен бирге, билим берүү психологиясы, өлчөө жана баалоо, билим берүү социологиясы, билим берүүгө киришүү, атайын окутуу методикасы, диний билим берүү, диний чечендик жана түрк, кыргыз, араб жана орус тилдери сыяктуу жалпы жана диний билим берүү курстары окутулат. Бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү ислам теологиясы багытындагы дисциплиналар жаатында компетенттүү болуп, бул жаатта алган билимдерин бүгүнкү күндүн дисциплиналары менен чечмелеп, өз билим, билгичтик жана жөндөмдөрүн кийинки иш жашоосунда жигердүү колдоно алышат.

Бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрүнө Кыргыз жана Түркия Республикаларынын дипломдору берилет. Студенттерибиз Кыргызстандын Билим берүү министрлиги тарабынан тастыкталган дипломго ээ болушат.  Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде иштей алышат. Мисалы: мектептерде диндер тарыхы жана адеп сабагынын мугалими; Дин комиссиясында жана Муфтиятта жана Түркиядагы Дин иштери боюнча башкармалыктын алдындагы мекемелерде дин адиси болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.  

Биздин бөлүмдө окуп жаткан студенттерибиз билим алуу учурунда Түркияга стажировкага барып, тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышат.

Окууну аяктагандан кийин, бөлүмдүн студенттери Кыргызстан менен Түркиядагы жана чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларда билимин уланта алышат.

Бөлүмдүн катчысы

САБИРА ОЗДИН

Телефону: 492763

Кошумча: 5908

Кабинет: İLAH-216