Мүдүр Назира Кубанычбек
Секретарь Бурулча Турдубаева
Дарек “Жал” кампусу, А Блок студенттер үйү
Тел. 996 312 492763/64/65
Факс 996 312 541935
Ички. тел. 864
Email nazira.kubanychbek@manas.edu.kg

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгынын максаты – студенттердин социалдык, маданий суроо-талаптарын аткаруу, алардын физикалык жана рухий жактан күчтүү болуп өсүшүнө кам көрүү,  студенттердин жана кызматкерлердин тамактануу, саламаттыгын коргоо  жана дарыланууга байланышкан муктаждыктарын камсыздоо, студенттерди жатаканаларга жайгаштыруу, коомдук иштерге тартуу жана сабактан тышкаркы убактыларын кызыгууларына жараша натыйжалуу пайдаланууну үйрөтүү. Ошондой эле, жаңы кызыгууларынын пайда болушуна өбөлгө түзүү менен аларды өздөрүн руханий жактан өнүктүргөн жана ден соолугуна кам көргөн инсан катары тарбиялоо болуп саналат.

Студент жана персоналга багытталган бардык тейлөө аймактарында кызмат көрсөтүлгөн жаш муун менен өзгөрүү жана өнүгүү жолунда бирге болуп, болгон ресурстарды натыйжалуу колдонуп, жыл сайын мурунку жылга салыштырмалуу тейлөө сапатын жогорулатууну көздөгөн үлгүлүү башкармалык болуу.