Борбордун мүдүрү Муратбек Жолдошев
Дареги   Жал кампусу, Социалдык тейлөө комплекси
Тел. 996 321 492763/65
Факс 996 312 541935
Ички телефону    646
Электрондук дареги    muratbek.zholdoshov@manas.edu.kg

Ашкана жана буфеттер

Университететтин студенттеринин жана кызматкерлеринин тамактануусун камсыздоо максатында студенттик шаарчанын аймагында жана башкы корпусунда жайгашкан ашканаларда тейлөө кызматы көрсөтүлөт.  Муктаж студенттерге академиялык жана административдик кызматкерлердин ыктыярдуу көмөгү менен түзүлгөн фонддун эсебинен ысык тамак берилет. Университеттин жатаканасында жашаган студенттер үчүн акысыз  эртең мененки тамак сунушталат. Кайрымдуулук иш катары кызматкерлерибиздин өз ыктыярдуу көмөгү менен кафетерияларда белгилүү бир категориядагы студенттер үчүн акысыз тейлөө кызматы жүргүзүлөт. Бул кызмат атайын жасалып чыккан электрондук программа аркылуу негизделген.

Тамак-аш тейлөө кызматы

Турмуш-тиричиликти тейлөө жана кантин-кафетерия иштетүү бөлүмү университеттин студенттери менен кызматкерлеринин пайдалуу, туура жана гигиеналык талаптарга жооп берген шартта тамактануусун камсыздайт. Тамак даярдоо процесси Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарчанын ичинде жайгашкан социалдык багыттагы объектилердин ашканасында жүргүзүлөт. Тамак-аш менен тейлөө бөлүмү студенттер менен кызматкерлердин түшкү жана кечки тамактануусун тейлейт. Университетте даярдалган ысык тамактардын бир айлык менюсу туура тамактанууну камсыз кылуу максатында студенттердин суроо-талаптары жана мезгилдин өзгөчөлүктөрү эске алынуу менен түзүлөт. Менюнун негизин төмөндөгүлөр түзөт: эт азыктары, тоок жана балык азыктары, ысык-муздак закускалар, салаттар, татуу токочтор, жемиштер жб. Студенттер жана кызматкерлер үчүн тамак-аш тейлөө бөлүмү бир нече кафетерияларда тез тамактануу кызматын сунуш кылат. Университеттин буфеттеринин кызматынан пайдаланган кишинин саны бир күндө 2000ден 3000ге чейин жетет.  Кафетерияларда  кондитердик азыктар, нан азыктары, ысык жана муздак суусундуктар, пиде, пицца, лахмажун, тост, салат,таттуулар жб. көптөгөн ассортимент сунушталат. Буфеттерде студенттердин тез тамактануусун камсыздоо үчүн  саат 08:00дон 23:00го чейин суусундуктар менен бирге түрдүү азык-түлүктөр сатылат. Сатыкка коюлган тамак-аштардын ар биринен күнүгө  үлгүлөр алынып, 72 саат эрежелерге ылайык сакталып, текшерилип турат. Университеттин социалдык, спорттук жана маданий иш-чараларына катышкан студенттерге иш-чара учурунда эртеӊ мененки тамак, чай, кофе, түшкү жана кечки тамак, тез татым азыктары берилип турат. Кызматкерлер атайын форма: баш кийим, кол кап кийип тейлешет.  Университеттин тамак-аш инженерлери жана тамак-аш технологдору жыл мезгилине жараша талап кылынган калорияны эске алуу менен бир айлык ысык тамактын менюсун түзүшөт жана ал окуу жайыбыздын интернет-баракчасына жайгаштырылат.