Мүдүр Назира Кубанычбек
Дарек Студенттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борбору. Чыңгыз Айтматов атындагы студенттик шаарча, 720038, Кыргызстан, Бишкек шаары, Жал кичи району. Студенттер үйү,  А блок    Жатакана А блок
Башкы корпус, Ч. Айтматов проспекти 56, 1-кабат, A-Z-18-бөлмө
Тел. 996 312 492763/64/65
Факс 996 312 541935
Ички телефону    863, 692
Электрондук дареги    ogem@manas.edu.kg

Борбордун максаты
Студенттердин жеке жана коомдук максаттарын аныктоодо, окуу жана кесипке байланыштуу туура чечимдерди чыгарууда, жашап жаткан чөйрөгө адаптация болууда көнүүдө ж.б. учурларда студенттерге жардам көрсөтүү, ар түрдүү проблемаларды чечүүгө багытталган кыска жана узун мөөнөттүү индивидуалдык психологиялык кеңеш жана багыттоо кызматын көрсөтүү. Индивидуалдык кеңештен тышкары студенттерге тиешелүү маалыматтарды берүү, жалпы кызыгуу жана проблемалары болгондорго да атайын топтор түзүлүп, группалык психологиялык кеңеш жана багыттоо кызматын көрсөтүү.
   
Иштөө принциптерибиз: ыктыярдуулук жана купуялуулук.
Кайрылуу:
-    Силерди түшүнгөн бирөө менен сүйлөшкүңөр келсе,
-    Ой-сезимиңерди ачык жана жеткире айтууну кааласаңар,
-    Ата-эне, бир тууган же досторуңар менен мамиледе силердин тынчсызданууңарга себеп болгон проблемалар жаралса,
-    Капа болуп, убайым тартып, жалгызсырап жүрсөңөр,
-    Сабактарга даярдансаңар деле ойдогудай натыйжа чыкпаса,
-    Экзамен учурунда тынчсыздансаңар,
-    Жашап жаткан чөйрөгө дагы эле көнө албай жатсаңар...

Студенттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борборуна келип адистер менен жолугушуу силер үчүн пайдалуу болот.
Борборубузга жумуш күндөрү 8.30-12.00, 13.00-17.30га чейин телефон аркылуу же түз эле борборго келип күн мурунтан жазылсаңар болот.