Жетекчи Калыбек Токтомуратов
Дарек Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарча, студенттер үйүнүн B корпусу
Тел. (чет өлкөдөн байланыша тургандар үчүн код: 00996 -312) +996 312 492379
Email kalibek.toktomuratov@manas.edu.kg

Биздин бөлүм университетте социалдык, маданий жана билим берүү багытында уюштурулган иш-чараларга атайын чакырылган конокторго, университеттин кызматкерлерине жана алардын жакындарына кызмат көрсөтөт.

Бөлүмдүн негизги милдеттери:

-Турак-жай бөлүштүрүү комиссиясынын чечимине ылайык, окутуучулар үйүндө жашай турган жана мөөнөтү бүтүп, кетип жаткан академиялык жана административдик кызматкерлерди каттоого алуу жана каттоодон чыгаруу;

-Кызматтык турак жайдын тургундарынын муктаждыктарына жана суроо-талаптарына жараша жардам көрсөтүү;

-Университеттин конок үйлөрүндө убактылуу турган меймандарга көмөк көрсөтүү;

-Конок үйлөрдөгү жана кызматтык турак жайлардагы ар кандай оӊдоп-түзөө иштеринин жүргүзүлүшүнө көз салуу.

Кызматтык турак жай

Университеттин академиялык жана административдик кызматкерлеринин коопсуз жана ыӊгайлуу шарттарда эргономикалык жашоосун камсыз кылуу максатында студенттик шаарчанын аймагында атайын курулган 1+1, 2+1, 2+1 (дуплекс), 3+1 жана 3+1 (дуплекс) тибиндеги 24 батирлүү турак үй 2000-жылы колдонууга берилсе, 2010-2011-окуу жылынын күз мезгилинин акыркы айларында 61 батирлүү корпус пайдаланууга берилген.

Кызматкерлер үчүн 61 жана 24  батирлүү кызматтык турак жайлардан сырткары 9 кабаттуу имараттан берилген 4 батирди кошкондо бардыгы болуп  81 батир  колдонууга берилген.

Кызматтык турак жайга  жайгашуу тартиби

Кызматтык турак жайга  жайгашкысы келген кызматкер Турак-жай бөлүштүрүү комиссиясына арыз жазып тапшыруусу керек. Арыз комиссия тарабынан каралып чыгып, чечим кабыл алынган соӊ, университеттин сайтына жарыяланат жана кызматкерге иштеген бөлүмү аркылуу кабарланат.

Конок үйү

Университеттин конок үйү 8 батирден турат. Бардык бөлмөлөр телевизор (борбордук спутникалык система), 24 саат бою үзгүлтүксүз ысык суу жана зымсыз интернет (Wi-Fi) менен камсыздалган.

Конок үйүнө жайгашкан ар бир мейман университеттин ашканасынын, буфеттеринин кызматтарынан пайдалана алат. 

Конок үйүнө жайгашуунун тартиби

Университеттин конок үйүнө жайгашуу үчүн атайын бланкты толтуруп, ректораттын же башкы катчылыктын макулдугун  алуу зарыл.