Мүдүрдүн милдетин аткаруучу Гүлфия Губайдулина
Дарек “Манас” КТУнин Ч. Айтматов атындагы кампусу, Ден-соолук борбору
Тел. 996 312 492765
Факс  
Ички. тел. 942 (мүдүр), 940 (сурап- билүү бөлүмү)

Ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгынын курамындагы Ден-соолук борбору студенттерибизге, кызматкерлерибизге жана кызматкерлерибиздин үй-бүлө мүчөлөрүнө 1999-жылдан бери медициналык жардам көрсөтүп келет. 2020-жылы университетибиздин Ч.Айтматов атындагы кампусунда имараттардын бири жаңыланып, Шейит Эрен Бүлбүл атындагы Ден-соолук борбору жана COVID-19 диагностикалык борбору катары пайдаланууга берилди. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жабдылган Ден-соолук борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аккредитацияланган. 2022 жылдын 13 январынан баштап биохимия жана гематология лабораториясы иштеп баштады. Көрсөтүлгөн медициналык кызматтар – тез биринчи медициналык жардам, поликлиниканын шарттарында көрсөтүлүүчү  медициналык жардам: жалпы текшерүү, диагноз коюу, бейтаптарды дарылоо жана өнөкөт оорулары бар бейтаптарды көзөмөлдөө, ооруулардын алдын алуу чаралары. Зарыл болгон учурда,  тереңирээк текшерүү жана дарылоо үчүн бейтаптар тиешелүү жогорку деңгээлдеги дарылоо жана алдын алуу мекемелерине жөнөтүлөт.Ден соолук борбору ЭКГ аппараты, ЭКГ Холтер, рентген, УЗИ, реанимациялык монитор, кычкылтек концентратору, небулайзер, глюкометр менен жабдылган. Студенттер үйүндө 2 өзүнчө изоляция бөлмөсү бар (эркек, аял).

Ден соолук борборунда 6 дарыгер (2 Терапевт, Гинеколог, Оториноларинголог, Невролог, үй бүлөлүк дарыгер), 1 лаборант жана 8 медайым иштейт.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу медициналык борбордо “COVID-19” ПЧР лабораториясы уюштурулду. Официалдуу ачылышы 2021-жылдын 10-март айында КР Саламаттыкты Сактоо министри жана Түркия элчилигинин мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлүп ишке киргизилди. “COVID-19” ПЧР лаборатория КР Саламаттык сактоо министрлигинин мыйзамдарына ылайык бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган.      

Лаборатория жабдуулары: 2 класстагы биологиялык коопсуздук боксу, Real-time CFX96 Touch амплификатору.

Адистердин иштөө убактысы:

Терапевт 08.30 — 17.30

Невролог 16.00 — 20.00

Оториноларинголог 18.30 — 22.30

Гинеколог 16.00 — 20.00

Үй бүлөлүк дарыгер 08.30-17.30

Лаборант 08.30-17.30

Университеттин башкы имаратынын медициналык кабинетинде жуманын ичинде 08.30дан 17.30га чейин медайым иштейт.