Бөлүм башчысы Асел Азамат кызы
Дарек Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарча, Коммуникация факультети
Тел. 996 312 49 27 63/65
Факс 996 312 541935
Ички. тел. 749
Email  asel_6888@mail.ru

Ишмердүүлүк багыты:

Университеттин студенттери жана кызматкерлеринин катышуусу менен массалык-маданий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү; маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө университеттин башка бөлүмдөрү менен бирге координациялуу иш алып баруу; чет өлкөлүк студенттердин университетке жана чөйрөгө ыӊгайлашуу  процессин тездетүү үчүн өткөрүлгөн маданий-массалык иш-чараларды уюштурууга катышуу; студенттик ийримдерди түзүү жана алардын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу. Студенттердин коомго аралашуусун тездетүүгө багыталган маданий-массалык жана социалдык иш-чараларды уюштурууга көмөк көрсөтүү жана бул багытта тиешелүү түзүмдөр менен биргеликте иш алып баруу;

Студенттик клубдар жана топтор менен координациялуу иш алып баруу.

 Максаты:

Маданий-массалык иш-чаралардын максаты – студенттердин сабактан сырткаркы убактыларын кызыгууларына жараша туура, пайдалуу өткөрүшүн камсыз кылуу. Аларга өздөрү кызыккан  жаӊы багыттарда өзүн-өзү сынап көрүүгө шарт түзүп, коомдук жана маданий иш-чараларга активдүү катышууга көмөк көрсөтүү. Студенттердин бош убакыттарын алардын кызыгууларына жараша рационалдуу бөлүштүрүү; студенттердин кызыгууларын арттыруу жана жаӊы кызыгуу чөйрөсүн жаратуу үчүн шарт түзүү; студенттерди маданий-массалык иш-чараларга катыштыруу аркылуу кызыгууларын жаратуу.

Маданий-массалык иш-чаралар бөлүмүнүн жетекчилиги астында «Манастын кыздары», заманбап бий тобу, кавказ бий тобу, жигиттер бий тобу жана «Дастан» комузчулар ансамбли иш алып барат. Аталган топторго ар түрдүү факультеттер менен жогорку мектептердин ар башка курстарында окуган шыктуу, таланттуу студенттери катышып, түрк элдеринин улуттук музыкасын, элдик бийлерин жана ажайып кооз улуттук кийимдерин  көрүүчүлөргө тартуулап, университетте өткөрүлгөн бардык маданий-массалык иш-чаралардын көркүн ачып турат. Бул ийримдердин мүчөсү болгон студенттер республикалык жана эл аралык деӊгээлде өткөрүлгөн ар түрдүү фестивальдарда университетибиздин атын байма-бай таанытып турат. Мындай чыгармачыл топторго катышуу студенттер үчүн бир тараптан өзүнүн талантын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзсө, экинчи бир тараптан топ ичинде биримдикте иштөө көндүмдөрүн калыптандырат. Университет бул топторду улуттук бий костюмдары, музыкалык аспаптар, техникалык жабдыктар ж.б.у.с. менен камсыздап келет.       

Мындан тышкары жалпы университеттик иш-чараларда үн коштоо, көрмө каражаттар менен камсыз кылуу, кыргыздардын улуттук кийимдери, заманбап концерттик кийимдер жана түрк элдерине таандык улуттук кийимдерди, мантияларды, реквизит жана аксессуарларды кабыл алуу, таратуу жана сактоо да бул бөлүмдүн милдеттери болуп саналат.