Семинар: “Эл аралык индекстелген илимий журналдарга макала жарыялоонун талаптары”


  • 2023-01-10

Үстүбүздѳгү жылдын 10-январында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы үчүн семинар уюштурулду.  Семинар “Эл аралык индекстелген илимий журналдарга макала жарыялоонун талаптары” деп аталып, аны ректордун кеңешчиси, экономика жана башкаруу факультетинин деканынын м.а., профессор Серхат Бурмаоглу ѳттү.

Профессор Серхат Бурмаоглу баяндамасында чет элдик абройлуу илимий журналдарга илимий макала жазуунун талаптары жана эрежелери тууралуу айтып, эл аралык илимий журналдар менен байланышуу, редакторлорго макаланы сунуштоо, Web of Science жана Scopus сыяктуу эл аралык маалымат базаларында индекстелген журналдардын талаптарына ылайык макаланы жазуу өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолду. Мындан тышкары макаланын структурасы жана мазмуну, изилдөөнүн суроолору, методологиясы, изилдөө чектеринин жана алкактарынын белгилениши тууралуу маалымат берди.

Семинарга катышкан академиялык кызматкерлер жана изденүүчүлөр журналдардын дүйнөлүк рейтинги, макаланын жарыяланыш мөөнөтү, ар түрдүү өлкөлөрдүн академиялык салттуулугу боюнча кызыктырган суроолорун беришти.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4773-sosyal-bilimlerde-uluslararas-endeksler-semineri-dzenlendi.htm

    Социалдык медиада бөлүшүү