«Манаста» глобалдык экологиялык абал боюнча эл аралык симпозиум өтүүдө


  • 2023-06-16

Бүгүн, 15-июнда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында “Микроорганизмдер жана Биосфера-2023” эл аралык симпозиуму өтүүдө.

Иш-чаранын башында боордош эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аткарылып,  университетти таанытуу видеосу көрсөтүлдү.

Айыл чарба факультетинин Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы, профессор Тинатин Дөөлөткелдиева эл аралык симпозиумду ачык деп жарыялап, төмөнкүдөй билдирүү жасады: "Бүгүн Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде өткөрүп жаткан "Микроорганизмдер жана Биосфера" эл аралык симпозиумуна катышып жатканыңыздар үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоздорду бул жерден көрүп сыймыктанып турам. Глобалдык жылуулануу, климаттын өзгөрүшү, жер кыртышы жана суунун булганышы күн сайын чоң катастрофага жол ачууда. Симпозиумдун негизги максаты экологиялык көйгөйлөрдү дүйнөгө белгилүү илимпоздор менен талкуулап, аларды чечүү жолдорун издөө болуп саналат. Бул жерде айтылган ар бир маалымат өтө маанилүү деп эсептейм жана экологияны коргоого салым кошоруна ишенем".

Бөлүм башчысынын артынан трибунага чыккан Айыл чарба факультетинин деканы, профессор Атилла Дурсун айыл чарбасы бүгүнкү күндө актуалдуу маселеге айланганын белгиледи.

"Азыркы учурда айыл чарба мурдагыдан олуттуу көйгөйгө айланды. Айыл чарба продукциялары адамдардын ден соолугуна түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан сапаттуу айыл чарба азыктарын өндүрүүгө басым жасоо керек деп эсептейм. Бул маселеде бизге көмөк көрсөтүп жаткан университетибиздин жетекчилерине ырахмат айтам",- деди декан Атилла Дурсун.

Андан соң сөз университеттин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбековага берилди.

"Бүгүн биздин университетте өтүп жаткан эл аралык симпозиум өтө маанилүү жана актуалдуу иш-чара деп эсептейм. Анткени глобалдык жылуулануу күн сайын адам баласынын жашоосуна өз таасирин тийгизүүдө. Менин атам жер кыртышынын, абанын, суунун булганышы бир гана табигый кырсыктарга алып келбей, түздөн-түз адамдын ден соолугуна жана келечегине таасир этет айтып калат. "Манас" университетинде өткөрүлүп жаткан симпозиум жемиштүү болушуна тилектешмин",- деди Бактыгүл Каламбекова.

Ал эми ректор, профессор Алпаслан Жейлан адам баласын табиятка аяр мамиле жасоого чакырды.

"Неолит доорунан баштап адамдар отурукташып, дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектене баштады. Ошентип чоң шаарлар, фабрика, заводдор пайда болду. Алардын пайда болушу менен жаңы химиялык уулуу заттар да пайда болду.

Экологияга кандай мамиле жасоо үлгүсүн Африка континентинен алсак болот. Бир кездерде Африка айыл чарбанын, өнүгүүнүн борбору болгон. Бүгүнчү? Африка жаратылышты кордогондугу үчүн өздөрү кор болуп эл аралык уюмдардын колдоосу болбосо жашай албай турган абалга келди. Адамзат табиятка зулумдук кылган сайын өзүнө, келечек урпактарына кайтарын эстен чыгарбаш керек. Биз билимдүү, илимдүү адам катары табият менен таттуу мамиледе болуп, жаратылышка аяр мамиле жасоого милдеттүүбүз",- деди ректор Алпаслан Жейлан.

Симпозиумдун биринчи күнүндө 8 секция өткөрүлүп, Швейцария, Түркия, АКШ жана Өзбекстандык илимпоздор англис тилинде презентация жасап, экологиялык көйгөйлөр боюнча баяндама жасады. Башка катышуучуларга синхрондук котормо кызматы да уюштурулду. Ошондой эле симпозиумга дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоздор онлайн форматта да катышты.

Швейцария, АКШ, Түркия, Германия, Орусия, Иран, Алжир, Тунис, Тажикстан, Пакистан жана Кыргызстандан катыша турган илим адамдарынын глобалдык экологияга арналган илимий эл аралык симпозиуму эки күнгө созулат.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бѳлүмү

Haber fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CthJ_B3tGH_/?igshid=MTc4MmM1YmI2Ng==

    Социалдык медиада бөлүшүү