Искусство XXI кылымда: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору Эл аралык онлайн симпозиум жана көргөзмө программасынын ачылыш аземи өткөрүлдү


  • 2023-10-04

XXI кылымдын искусствосуна арналган Эл аралык онлайн симпозиум жана көргөзмө программасы 2023-жылдын 3-октябрында онлайн режиминде башталды. Программа 4-октябрда түрк дүйнөсүнүн ар кайсы географиялык аймактарынан келген университеттердин ректорлору, ректордун орун басарлары жана академиктердин катышуусунда уланат.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан искусствонун XXI кылымдагы ролун жана маанилүү көйгөйлөрүн алдын алуу максатында уюштурулган программанын ачылыш сөзүн сүйлөдү. Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан симпозиумдун темасы адамдын ички дүйнөсүнө арналганын белгилеп, аталган иш-чара түрк дүйнөсүнө гана эмес, бүткүл дүйнөгө маанилүү салым кошот деген ишенимин билдирди.

Ректор Жейландан маанилүү билдирүүлөр:

Түрк искусствосунун келип чыгышы

Ачылыш сөзүндө ректор, профессор Алпаслан Жейлан түрктөрдүн миңдеген жылдар бою сүргөн көчүп-конуу жоруктары өз искусствосун жаратканын жана оозеки жана жазма адабияты аркылуу сезимдерин жана ойлорун билдиргендигин баса белгиледи. Түрктөр ар кайсы географиялык аймактарда башынан өткөргөн окуяларды жана байкоолорду эстетикалык формада искусствого чагылдырганын белгиледи. Ошол эле учурда түрктөр экосистемага шайкеш жашагандарын жана бул жашоо образы адабиятка “талаа искусствосу”, “айбан стили” сыяктуу терминдер менен кирген кайталангыс искусствону жаратканын айтты.

Искусствонун өтмүшү жана келечеги жөнүндөгү ойлор

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан эгер өтмүштүн даңктуу күндөрүн кайрадан баштан өткөрө турган болсок, Физулинин Диванын, Али Шир Неваинин хамселерин жана Бабурдүн эскерүүлөрүндөгүдөй назик жана жарашыктуу стилге кайтуу керектигин баса белгиледи. Бутактар тамырдан азыктанат деген пикир менен азыркы замандын өзүмчүл жана кыйратуучу механизациясына каршы жан дүйнөсүн жана инсандыкты азыктандырган искусство түшүнүгүн кучагына алуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Уйгур фрескаларынан Самарканд макамына

Батыш Уйгур падышачылыгынын уйгур фрескалары менен Миң Будда үңкүрлөрү жана Тан династиясынын тушунда Кытай сарайында уурдалган Самарканд макамы түрк элдерине дем берген искусствонун булактары экенин айтты. Мындай булактардан Түрк дүйнөсүнүн ар башка географияларынан күн сайын ар кандай шыктануу менен агып жатканын белгилеп, бул эмгектердин баасын дүйнөгө жарыялоого чакырды.

Университтетин искусство борбор болуу максаты

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан түрк искусствосун тамырынан ажыратпай, заманбап түшүнүк менен жабдып, келечек муунга өткөрүп берүү чоң милдет экенин баса белгиледи. “Манас” университети Түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү катары конкреттүү жана абстрактуу искусствонун өнүгүшүнө салым кошуу максатында бир катар иш-чараларды уюштурганын жана ушул аракеттин негизинде көркөм өнөр факультетинде Курманжан Датка сүрөт галереясынын өткөрүлгөндүгүн билдирди. Айрыкча, “Түрк дүйнөсү” оркестри миңдеген жылдык жана элдик ырларды жаңыртканын дагы кошумчалады.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан “Университеттен да артык” концепсиясы менен жол алып, түрк дүйнөсүнүн искусство борбору болуу максатын ишке ашыруу үчүн тынымсыз аракет кыларын баса белгиледи.

Акыркы жүз жылдагы искусствонун бул маанилүү окуясы - искусствонун күчүн жана таасирин глобалдык деңгээлде кароого мүмкүнчүлүк берип, эл аралык кызматташууну жөнгө салат жана искусствонун адамдардын ички дүйнөсүнө кандай таасир берерин түшүнүүбүзгө жардам берет.

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/Cx-TUe2Nn8H/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү