«Манас» университетинде тарых жана маданияттын жолугушуусу


  • 2023-10-05

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультети жана Евразия тил, тарых жана археология илимий-изилдөө институту тарабынан уюштурулган “Түрк элдеринин тарыхы жана түрк элдеринин байыркы доордогу илимдери” аттуу эл аралык семинары башталды. Программанын ачылыш аземи 2023-жылдын 4-октябрында «Манас» университетинин ректоратынын жыйындар залында өткөрүлдү.

Аземде эки өлкөнүн гимни жаңырып, андан соң ТРТнын даректүү тасма жамааты тарабынан даярдалган «Манас» үй-бүлөсүнүн жаңы мүчөсү Токтобүбүнүн баяны көрсөтүлдү. Токтобүбү тууралуу даректүү тасма көрүүчүлөрдө терең сезимдерди калтырды.

Программанын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова түрк дүйнөсүнүн тарыхы, өтмүшү, бүгүнү жана келечегине байланышкан баалуу маалыматтарды бөлүшүү үчүн чогулган катышуучуларга ыраазычылык билдирди. «Манас» университетинин эшиги сиздер үчүн ар дайым ачык. Биздин жалпы маданиятыбызда биргеликте иш алып барып, изилдей турган көп нерселер бар», - деди ал. Биринчи проректор мындай деп улантты: «Биз түрк дүйнөсү үчүн иш-аракетибизди орто мектепте окуп жүргөндө баштадык. Биз үчүн түрк дүйнөсү бир гана география эмес, түрк маданияттарынын мурастары сакталган бай география. Экономика илимдеринин кандидаты Бактыгүл Каламбекова өз сөзүндө түрк маданиятынын маанисин баса белгилеп, бул маанилүү иш-чаранын түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарынын кеңири аудиторияга жетишине салым кошоруна ишенерин билдирди.

«Тарых саясаттын эң улуу мугалими»

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө «Түрк элдеринин тарыхы жана байыркы доордогу илимдери» эл аралык семинары борбор Азияда, айрыкча «Манас» университетинде алгачкы жолу өтүп жатканын жана мындан ары да тынымсыз уланарын билдирди.

Ачылыш сөзүндө ректор, профессор Алпаслан Жейлан «Манас» университетине бүткүл түрк дүйнөсүнүн тарыхын үйрөтүү милдети жүктөлгөнүн белгилеп, Зия Пашанын: «Тарых саясаттын эң улуу мугалими» деген сөзүн эске салды.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан: «Тарых эң мыкты күзгү. Бүгүн таңда ойгонгонубуз үчүн кечээкиге жана өтмүшкө карыздарбыз», - деген Мустафа Кемал Ататүрктүн сөзү менен улантып, түрк мамлекеттеринин биримдигинин тоскоол боло албастыгын баса белгилеп, сүйүү, бир туугандык жана боорукердик билдирүүлөрүн берди.

Түрк дүйнөсү үчүн жалындап күйгөн Ганира Пашаеваны эскерди

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнө кызмат кылып, жүрөгүн арнаган Ганира Пашаеваны ырайым жана сүйүү менен эскерди. Андан соң бардык катышуучу академиктерди түрк мамлекеттерине татыктуу долбоорлор менен илим тармагында маанилүү кадамдарды таштоого чакырды.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин профессор Сейкуш Режай Текоглу  тарабынан «Байыркы Анадолу тилдериндеги талдоолор" деп аталган ачылыш билдирүүсүн жасады. Ачылыш аземи эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

Семинар университетибизде 2023-жылдын 4-6-октябрь күндөрү 36 илимпоздун катышуусунда уланат.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/CyAUdX_tbZ3/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haberin videosu:

https://youtu.be/npsMeFSu4Pc

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/CyAhG6mtjaY/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү