“Манас” университетинде маалымат илими боюнча эл аралык конференция өткөрүлдү


  • 2024-10-22

Үстүбүздөгү жылдын 17-19-октябрь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында маалымат илиминин ар түрдүү аспекттери талкууланган AIST-2024 (Сүрөт, социалдык тармактар жана текстерди талдоо)  XII Эл аралык конференция өткөрүлдү.

Аталган конференция КТМУнун гуманитардык факультетинин синхрондук котормо бөлүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын кызматташуусунда  уюштурулуп, маалыматтарды талдоо, машиналик окутуу, табигый тилди иштетүү, тармактарды талдоо жана компьютерди көрүү (теориялык машиналык окутуу жана оптимизациялоо) боюнча 5 негизги багытты камтыды.

2012-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан конференция Австрия, Непал жана Европанын көптөгөн белгилүү университеттеринен жана мекемелеринен келген эксперттерди, изилдөөчүлөрдү жана инженерлерди чогултуп, аларга ар түрдүү тармактагы изилдөөлөр боюнча пикир алмашууга түрткү берди.

Конференциянын ачылыш сөзүн сүйлөгөн КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев бүгүнкү күндө маалымат илиминин тез өнүгүп жатканын баса белгилеп, “Бул жыйын ар түрдүү пикирлерди бир жерге топтоп, адам тилинин татаалдыктарын үйрөнгөн машина алгоритмдерин, социалдык тармактын визуалдык маалыматтар менен бири-бирине айкалышуусун жана теориялык структуралардын реалдуу дүйнө колдонмолору менен таанышуу процесстерин камтыйт. AIST-2024 - дүйнөдөгү тез өзгөрүүлөрдүн жана артып жаткан маалымат илиминин маанилүүлүгүнүн далили болуп саналат.”

Саясий и.к., доцент Ибраев конференция теория менен практиканы байланыштырган катализатор экенин баса белгилеп, жаңы изилдөө багыттарын аныктоо жана маалымат анализдери боюнча инновациялык чечимдерди ойлоп табууда маанилүү роль ойнорун билдирди.

Конференциянын уюштуруу комитетине, бардык жергиликтүү демөөрчүлөргө жана катышуучуларга ыраазычылык билдирген биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев  академия менен өнөр жайдын ортосундагы маалымат алмашууну камсыз кылган бул платформа тез өнүгүп жаткан тармак үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

КТМУнун гуманитардык факультетинин синхрондук котормо бөлүмүнүн кыргызча-англисче программасынан доц.док. Аида Касиева бул жылы конференцияда өзгөчө ресурстар аз колдонулган табигый тилдерди иштетүү технологиялары жана жасалма интеллект сыяктуу актуалдуу темаларга көбүрөөк көңүл бурулганын айтты. Касиева өз сөзүндө буларга токтолду: “Бир гана тил эмес, медицина, өнөр жай, экология жана башка тармактарда алгоритмдерди, жасалма интеллекти колдонуу боюнча дагы көптөгөн кызыктуу макалалар болду. AIST-2024 бул маалымат билими жана жасалма интеллект тармактарында акыркы жетишкендиктерди бөлүшүү жана талкуулоо үчүн маанилүү платформа болуп, келечектеги кызматташтыктар, инновациялар үчүн жаңы жолдорду ачты.”

Конференцияда баяндамачылар тарабынан докладдар окулуп, техникалык сессиялар жана постердик презентациялар жасалды.

Белгилей кетсек, AIST –2024 конференциясына жалпысынан 70ке жакын макала тапшырылып, алардын арасынан 26 макала тандалып алынган жана алар эл аралык илимий жамаатта кеңири таанымал болгон Springer басмаканасында Scopus индекстеген журналда жарыяланмакчы. Ошондой эле конференциянын жүрүшүндө Springer басмаканасы темаларга байланыштуу баалуу китептер менен журналдардын көргөзмөсүн уюштуруп, КТМУга баалуу белек кылды.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DBatiJ2tC_5/?igsh=Y2kycGt4bTAwbmlk

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/DBaj9SYNU9-/?igsh=bmZpeXUwMTFoOGth

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/DvP7gN3O5CU?si=e04-XXtZBA9A4vVS

    Социалдык медиада бөлүшүү