“Манас” университетинде “Климаттын өзгөрүшүндөгү экологиялык кризистин ролу” аттуу илимий кереге кеңеш болуп өттү


  • 2024-11-14

2024-жылдын 11-ноябрында “Манас” университети, Азербайжан жаштарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо коомдук бирикмеси жана Азербайжан жаштар фондунун кызматташуусу менен  “Климаттын өзгөрүшүндөгү экологиялык кризистин ролу” аттуу илимий жыйын өткөрүлдү.

Ректорлук жыйындар залында өткөн иш-чарага КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, Азербайжан жаштарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо коомдук бирикмесинин төрагасы Эфселеддин Агаларов, Азербайжан мамлекеттик жаштар фондунун кызматкери Эмин Юсифов, Азербайжан басма сөз кеңешинин мүчөсү Хажыбек Хейдарлы, “Реформачы жаштар” коомдук бирикмесинин төрагасы Ферид Шахбазлы, Жибек жолу коомдук, дипломатиялык бирикмесинин төрагасы Сейфуллах Түрксой, окутуучулар жана студенттер катышты.

Илимий жыйын Кыргызстандын, Түркиянын жана Азербайжандын мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталды. Андан кийин КТМУнун таанытуу тасмасы көрсөтүлдү.

“Туруктуу өнүгүүгө салым кошуу үчүн бул жердебиз”

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн инженердик факультетинин деканы, б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева климаттын өзгөрүүсү боюнча көйгөйлөрдү гана талкуулабастан, чечүүгө багытталган кадамдарды жасоо максатын көздөшкөнүн белгиледи. Б.и.к., доцент Тотубаева: “Бул жерде жөн гана көйгөйлөрдү айтуу үчүн эмес, климаттын өзгөрүүсүн басаңдатууга жана балким токтотууга жардам бере турган конкреттүү кадамдарды талкуулоо үчүн чогулдук. Туруктуу өнүгүү үчүн аракетибиз бизге, келечек муунга саламат жана гүлдөгөн планета калтыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүк”, - деди.

Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Зулфикар Танылеев ачылыш сөзүндө илимий жыйындын аягында маанилүү жыйынтыктар, сунуштар чыгарына ишенерин белгилеп, бул жыйынды өткөрүүгө салым кошкон жана колдоо көрсөткөн ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан баштаган КТМУнун жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

"Табият үнсүз калбайт, аны тыңшоо керек"

Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев өз сөзүндө табиятты коргоонун маанисине көңүл буруп, адамзат табият менен шайкеш жашоого милдеттүү экенин баса белгиледи. Саясий и.к., доцент Ибраев: “Бүгүнкү күндө эң олуттуу темалардын бири табият менен шайкеш жашоо болуп саналат. Табият бизге көңүл бурушубуз керектигин айтып жатат, эскертүүлөрдү этибарга албай коюуга болбойт. Түрк элдери табият менен жанаша көчмөн турмушта жашадык. Табият менен болгон байланышыбыз менен аман калдык. Технологиялар өзгөрүп, өнүксө да, табият тынч калбайт жана ага көңүл буруубузду талап кылат”, - деп белгиледи.

Саясий и.к., доцент Ибраев табияттын ар бир бөлүгү адамга бир кабар берээрин айтып, бактын жылдык шакекчелерин мисал келтирип: “Бакты кыйганда анын жашын жана оор жылдарды көрсөтүүчү шакекчелерин көрөбүз. Эгер шакекчелер ичке болсо, ал жылы кургакчылык болорун, эгерде горизонталдуу издер  болсо, анда бак жаракат алганын түшүнө алабыз. Табият биз менен сүйлөшүүдө, биз бул тилди окуй билишибиз керек”, - деди.

Эгерде табиятка кам көрүлбөсө, адамдын ички дүйнөсү жана жүрүм-турумунда да өзгөрүүлөр болорун белгилеген биринчи проректор: “Табиятка көңүл бурбасак, бул кайдыгерлик чөйрөбүздү гана эмес, ошондой эле бизге да таасирин тийгизет. Адамзаттын табиятка кам көрүүсү - өзүнө болгон кам көрүү болуп эсептелет ”, - деп сөзүн аяктады.                                                   

“Түрк эли табият менен шайкеш жашоо философиясына ээ”

КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан университетке багытталган өнүгүү түшүнүгүн белгилеп, студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн жигердүү иштөө улантылып жатканын билдирди. Ошону менен бирге климаттын өзгөрүүсү өнөр жай төңкөрүшү менен башталган процессте тездик менен күч алып жатканын жана бул өзгөрүүдөн эң көп өнүкпөгөн өлкөлөр таасир алганын белгиледи.

Дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу терс таасирлерге кабылган төрт миллиарддай адам бар экенин айткан PhD., профессор Жейлан: “Дүйнөдө тең салмактуулук бар. Бул тең салмактуулук бузулганда, айлана-чөйрө акыры өчүн алат. Айлана-чөйрөнү коргоодо адамдан мамлекетке чейин, коомдун ар кандай катмарларына жоопкерчилик тийиштүү. Ар бир адам өзүнүн чөйрөсүн коргоодо милдетин аткарышы керек. Бирок жеке аракеттерден тышкары, институционалдык жана саясий чаралар көрүлүшү маанилүү. Деңиздерди, океандарды жана токой аянттарын коргоо жаатында мамлекеттерди, эл аралык субъекттерди жана башка уюмдардын кызыкчылыгын, капиталдык ээлик кылгандарды же керектөөчүлөрдүн суроо-талабын коргоонун ордуна табигый циклди коргоого артыкчылык берип, бул багытта натыйжалуу кадамдарды таштоо керек”, - деп, глобалдык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ректор өз сөзүндө табият менен шайкеш келген жашоо философиясына ээ түрк элинин табияка болгон мамилесине, тарыхый байланышына да токтолду.

Климаттын өзгөрүүсүндө айлана-чөйрө кризисинин ролу боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана коомдун бул маселеге аң-сезимдүү кароосу керектигин, айрыкча, университеттерге жүктөлгөн өзгөчө милдет экенин айткан профессор Жейлан: “Айлана-чөйрөнү коргоодо “Манас” университети чоң маани берип, жоопкерчилигибизди окуу жайдын милдети катары аткарууга аракет кылып жатабыз. Бул илимий жыйынга колдоо көрсөтүү менен университетте жана коомдо климаттын өзгөрүүсүндөгү айлана-чөйрө кризисинин ролу боюнча аң-сезимди ойготууга салым кошууну каалайбыз. Жыйынга катышкан бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирем. Бул илимий жыйын Бишкекке, Кыргызстанга жана дүйнөгө пайдалуу жыйынтыктарды алып келет деген үмүттөмүн”, - деп сөзүн жыйынтыктады.                                                                                                                                                        Ачылыш сөздөрүнөн кийин КТМУнун экология инженерлиги бөлүмүнөн т.и.к., доц.м.а. Кубат Кемеловдун модераторлугунда Эфселеддин Агаларов “Жашыл экономиканын учурдагы тенденциялары: Азербайжандын мисалында”, профессор Зарлык Маймеков “Климаттын өзгөрүүсүн баалоодогу маанилүү фактор катары көмүртектин изин эсептөө”, Хажыбек Гейдарлы “Климаттын өзгөрүшүндө медианын ролу”, Ферид Шахбазлы “Жашыл экономиканын мааниси - Азербайжан COP-29 мисалында”, Сейфуллах Түрксой “Климаттын өзгөрүшүнө жалпы көз караш” жана Эмин Юсупов “Климаттын өзгөрүшү” аттуу темаларда баяндамалар жасашты.

Илимий жыйын баяндамачыларга ыраазычылык баракчаларын тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/DCWkWuTNcoS/?igsh=aXl5bmlwYjVpcmFu

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/DCVr-4utGy6/?igsh=bWx5YW5tZHprc2px

    Социалдык медиада бөлүшүү