Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында “Дивану лугат-ит-түрктүн” жазылышынын 950-жылдыгына жана Махмуд Кашгарини эскерүүгө арналган “Диван лугат-ит-түрк: 950-жыл” аттуу илимий жыйын болуп өттү. Илимий жыйын 2024-жылдын 14-ноябрында ректорлуктун жыйындар залында уюштурулду.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түркология бөлүмү, Анкара коомдук илимдер университети, Эл аралык Түрк маданияты “ТҮРКСОЙ” уюму, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) менен биргеликте уюштурулган жыйынга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, Анкара Коомдук илимдер университетинин ректору жана Түркия жазуучулар биримдигинин төрагасы, PhD., профессор Муса Казым Арыжан, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик, ТИКАнын Кыргызстандагы программалык координатору Мехмет Бодур, окутуучулар жана студенттер катышты.
Иш-чара эки өлкөнүн гимндерин аткаруу менен башталып, андан соң КТМУнун таанытуу тасмасы кѳрсѳтүлдү.
“Махмуд Кашгари бүткүл дүйнө үчүн сыймык”
Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев өз сөзүндө Махмуд Кашгаринин алтын доордун көрүнүктүү инсандарынын бири экенин жана илим дүйнөсүнө кошкон салымы менен кыргыздар, түрктөр, дегеле, жалпы дүйнө жүзү сыймыктана турган окумуштуулардын бири экенин белгилеп, буларга токтолду: “Кыргызстандан чыккан эки көрүнүктүү окумуштуу бар; Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашгари. Булар азыркы түшүнүктөгү бир тармактуу окумуштуу гана эмес, көп тармактуу энциклопедия экени талашсыз. Анткени алар тил, маданият, этнография, география сыяктуу бардык тармактан билими бар окумуштуулар болушкан.”
Махмуд Кашгаринин илим дүйнөсүнө берилгендигин, бир нече тилди билгенин баса белгилеген биринчи проректор сөзүн мындай деп улантты: “Биз ата-бабаларыбызды жөн эле эскерип, сыймыктанып тим болбостон алардан өрнөк алышыбыз керек. Алардын жолун жолдошубуз керек. Биз дагы тарыхыбызды, маданиятыбызды, тилибизди сакташыбыз керек. Махмуд Кашгари билимге берилгендиги менен белгилүү болуп, анын мурасы арадан 950 жыл өтсө дагы биз менен.”
Биринчи проректор сөзүн илимий иш-чараны уюштурган гуманитардык факультетинин түркология бөлүмүнө, баалуу маалыматтар менен бөлүшкөн баяндамачыларга ыраазычылык билдирүү менен жыйынтыктады.
“Махмуд Кашгари – түрк маданиятынын баштоочусу”
КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан сөзүн бул өзгөчө иш-чаранын университеттин чамгарагында өткөрүлүп жатканына сыймыктангандыгын билдирүү менен баштап: “Түрк дүйнөсүнүн орток баалуулугу болгон бул улуу жана ыйык эмгекти эскерүү жыйыны биздин университетте өтүп жатканына абдан кубанычтабыз. Махмуд Кашгаринин аталган эмгекти түрк тилинин, маданиятынын маанисин терең түшүнүп жазганы - түрк маданиятын сактоодо жана жайылтууда чоң салым болуп саналат”, - деди.
Ректор, PhD., профессор Жейлан Махмуд Кашгаринин бир гана лингвист эмес, бүтүндөй түрк маданиятын келечек муундарга жеткирүүгө умтулган баштоочу болгонун баса белгилеп, сөзүн мындай деп улантты: “Махмуд Кашгари түрк тилин үйрөтүү менен кошо түрктөрдүн каада-салттарын, үрп-адаттарын, оюндарын, аземдерин, бир сөз менен айтканда түрк маданиятын үйрөтүүгө аракет кылган. Ал коомдогу тил менен маданияттын ажырагыстыгын, тил менен маданияттын бүтүндүгүн тааныган жана тилди иденттүүлүктүн потенциалы, жашыруун күчү экендигин аныктаган эң биринчи коомдук лингвист. Түрк тилинин ар түрдүү диалектилерин, маданий мотивдерин жана жашоо образын ийне-жибине чейин изилдеген “Диван лугат-ит-түрк” аттуу эмгеги бүгүнкү күндө да изилдөөчүлөр үчүн кайталангыс булак болуп келет. Бул эмгек бир гана түркология тармагындагы эмес, тил илими, тарых, социология сыяктуу түрдүү тармактар боюнча да баалуу маалыматтарды камтыйт”.
Махмуд Кашгаринин мурасын сактоо жана бул уникалдуу эмгекти жаңы муундарга жеткирүү түрк дүйнөсүнүн эң маанилүү милдеттеринин бири экенин белгилеген ректор, Жейлан: “Учурдан пайдаланып, түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү болгон окуу жайыбыздын бул баалуу эмгекти таанытууга жана изилдөөгө салым кошуудагы чечкиндүүлүгүн баса белгилеп кетким келет. Ошондой эле университеттин академиялык кызматкерлеринин бул ыйык эмгекти кыргыз тилине эң мыкты деңгээлде, туура которот деп ишенем”, - деп, жыйынды уюштурууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.
“Дивану лугат-ит-түрк - бул илимий кыйкырык”
Анкара Коомдук илимдер университетинин ректору, Түркия жазуучулар биримдигинин төрагасы, PhD., профессор Муса Казым Арыжан ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган жана түрк маданиятынын эң чоң байлыктарынын бири катары эсептелген “Диван лугат-ит-түрк” китебинин маанисине көңүл буруп, Махмуд Кашгаринин бул эмгеги жөн гана сөздүк эмес, ошондой эле түрк элинин тил, маданият жана адабият жаатын ырастоочу белги экенин баса белгиледи.
Махмуд Кашгаринин арабча жана персче сыяктуу кылымдын жогорку адабий тилдеринин алдында түрк тилинин күчтүү, бай тил экенин көрсөтүү максатында бул эмгекти жазганынын белгилеген PhD., профессор Арыжан мындай деди: “Бүткүл илим дүйнөсүндө таанылган, жазылган жылдан бери көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн бул эмгек, негизинен, түркчө-арабча сөздүк болуп саналат. Арабдарга түркчөнү, түрк тилдерин, маданияттарын жана адабияттарын таанытуу максатында жазылган. Бирок бул эмгек жөн гана сөздүктөн алда канча терең маанилерди камтыйт. Эң алгач, Махмуд Кашгари бул эмгеги менен ал күнгө чейин жөн гана согушкер эл катары билинген түрк элдеринин тилдери, ошол кездеги түшүнүккө ылайык, жогорку адабий тилдер катары эсептелген арабчадан жана персчеден артта калган тил эмес экенин жана бул түшүнүккө илимий түрдө каршы чыгуу жана чакырык экенин көрсөтүп турат.”
PhD., профессор Арыжан эмгектин XI кылымдагы түрк коомунун жашоо образын, ишенимдерин, салттарын жана адабиятын бүгүнкү күнгө чейин алып келген теңдешсиз булак экенин белгилеп, эмгек камтыган маалыматтары менен энциклопедиялык мүнөзгө ээ экенин билдирди. Түрк адабияты эпосторунан баштап жазгы майрамдарга, поэзиядан медицина жана дарылоо ыкмаларына чейин кеңири спектрде кылымдын маданияты жана жашоо философиясына жарык чачарын айтты.
Ошондой эле “Диван лугат-ит-түрк: 950-жыл” аттуу илимий жыйынды өткөргөн “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирип, жыйындын ийгиликтүү өтүшүн каалады.
Махмуд Кашгаринин мурасына жарык чачкан иш-чара “Дивану лугат-ит-түрктүн” маданий жана тилдик мурасын талкуулаган иш-чара ачылыш отурум менен уланды. Отурумда белгилүү түрк даанышманынын эмгегинин бүгүнкү маданият жана тил таануу илимине кошкон салымы ар тараптуу бааланды. Жыйындын биринчи отуруму гуманитардык факультетинин деканы, PhD., профессор Алпаслан Ашыктын модераторлугунда өттү.
Биринчи отурумда PhD., профессор Бүлент Гүл “Салттуу араб лексикографиясында Махмуд Кашгари жана “Дивану лугат-ит түрк” аттуу баяндамасында “Диван лугат-ит түрктүн” араб тили илимине тийгизген таасири тууралуу талкуу жүргүздү. Ал эми PhD., профессор Мехмет Вефа Налбант “Түркияда “Дивану лугат-ит түрк” боюнча грамматикалык изилдөөлөр жана жазыла турган жаңы “Дивану лугат-ит түрк” грамматикасынын кандай жазылышы керектиги тууралуу” аттуу баяндамасында Түркияда “Диван лугат-ит түрк” боюнча жүргүзүлгөн жана келечекте даярдалуучу грамматикалык изилдөөлөр боюнча сунуштарын бөлүштү. Кыргызстандагы изилдөөлөргө токтолгон PhD., профессор Бурул Сагынбаева : “Дивану лугат-ит түрктүн” Кыргызстанда изилдениши” темада жасаган баяндамасында эмгектин Кыргызстандагы чагылдырылуусу жана жүргүзүлгөн изилдөөлөр тууралуу катышуучуларга маалымат берди.
PhD., профессор Муса Казым Арыжандын модераторлугунда өткөн экинчи отурумда болсо энциклопедия түрдүү перспективалардан талкууланды.
PhD., профессор Ахмет Гүншен “Өз доорундагы “Диван лугат-ит -үрк” түрк маданияты жана цивилизациясынын күзгүсү катары” аттуу баяндамасында эмгектин маданий маанисин баса белгиледи. PhD., профессор Акартүрк Карахан “Махмуд Кашгаринин тилдерге байланыштуу аныктамаларынын маңызы” баяндамасында эмгектеги тилдик байлыктарды тереңирээк изилдеди. Ал эми доц.м.а.док. Негизбек Шабданалиев “Диван лугат-ит-түрктүн” кыргызча котормолору жөнүндө айрым аныктамалар” темадагы баяндамасында эмгектин кыргызчага которуудагы мааниси тууралуу айтып, бүгүнкү күнгө чейинки котормолор боюнча байкоолору менен катышуучуларга маалымат берди.
“Диван лугат-ит-түрк” – түрк дүйнөсүн бириктирген күчтүү байланыш”
Жыйындын баа берүү жана жыйынтыктоо сөзүн сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан “Диван лугат-ит-түрктүн” түрк тилинин келип чыгышын, байлыгын жана тарыхый тереңдигин көрсөтүп турган теңдешсиз эмгек экенин баса белгиледи.
PhD., профессор Жейлан Махмуд Кашгаринин илим дүйнөсүнө кошкон бул баалуу эмгегинин түрк тили жана маданиятынын келечек муундарга өткөрүп берүүдөгү маанисине көңүл бурду. Ал “Диван лугат-ит-түрктүн” түрк дүйнөсүн бириктирген күчтүү маданий байланыш экенин айтып, эмгектин тарыхый мурас жана тилдин өнүгүүсүндө жол көрсөтүүчү булак экенин билдирди.
Илимий жыйындын соңу баяндамачыларга ыраазычылык баракчалары тапшыруу, эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.
Haberin Fotoğrafları:
https://www.instagram.com/manasuniv/p/DCZH_Y0tg4H/
Instagram:
https://www.instagram.com/manasuniv/reel/DCYX2LWtBPl/
Manas TV'nin Haberi:
https://youtu.be/BFjDYkS3T98?si=vXJkN18I4inacDsj
Manas TV'nin Programı:
https://youtu.be/tydXkaxU4xI?si=58Hn161_SPpB3EgN