Даанышмандар кеңешинин экинчи жыйыны болуп өттү


  • 2024-11-20

Үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин социалдык курулуштар имаратынын көп функционалдык залында Даанышмандар кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Экинчи жолу уюштурулуп жаткан бул маанилүү жыйынга КТМУнун ректору, PhD., профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор PhD., профессор Режаи Доган жана PhD., профессор Камалбек Карымшаков, ректордун кеңешчилери PhD., профессор Кемал Полат жана доцент Сейил Нажимудинова менен бирге даанышмандар кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Жыйындын ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректор, PhD., профессор Алпаслан Жейлан КТМУнун XXI кылымдын университет түшүнүгүнө ылайык коомго жана экономикага салым кошуу багытында ишенимдүү кадамдарды жасап жатканын баса белгиледи.

Окуу жайдын билим берүү жана изилдөө тармагындагы күчтүү жактарынын маанисине токтолгон ректор Жейлан бул жааттагы стратегиялардын даанышмандар кеңешинин мүчөлөрүнүн колдоосу менен да тынымсыз карала турганын айтты.

Ректор окуу жайдын QS World University Rankings рейтингинде эң мыкты 1000 университетке кирүү менен маанилүү ийгиликке жетишкенин жана бул ийгиликтин туруктуу болушу үчүн кызыкдар тараптардын сунуш-пикирлеринин чоң мааниге ээ экенин билдирди.

PhD., профессор Жейлан өз сөзүндө “Университеттен да артык” урааны менен билим берүү жана изилдөө тармагында дагы алдыга жылуу, илимий салым кошуу, аймактык өнүгүүгө колдоо көрсөтүү максатында окуу жай тарабынан мындай жыйындарды бир жылда бир жолу уюштурулганын белгиледи.

Ийгиликтүү студенттерге стипендиялык колдоо көрсөтүлөт

Жыйында ийгиликтүү студенттерге ишкерлер тарабынан стипендиялык колдоо көрсөтүлөрү белгилүү болду. Стипендиялар студенттерге окуу учурунда гана эмес, ошол эле учурда карьерасында дагы маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоо максатын көздөйт. Кеңештин мүчөлөрү мындай колдоолор университеттин билим сапатын жогорулатууга жана аймактык өнүгүүгө олуттуу салым кошоруна ишенерин билдиришти.

Алар жыйындын маанилүүлүгүнө көңүл буруп, биргеликте аракет кылганда бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө мүмкүн экенин айтышты.

Технопарк жана технологиялык инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлору

Жыйында университеттин илимий жана технологиялык мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында технопарк долбоорлорун ишке ашыруу жана технологиялык инфраструктураны чыңдоо зарылдыгы талкууланды. Бул кадамдардын университеттин инновациялык жана потенциалын колдоп, аймактык экономикага салым кошору белгиленди.

Билим берүүдөгү жергиликтүү жана эл аралык колдоолор

Жыйында китептерди кыргыз тилинде жазуунун жана жогорку билим берүү системасын өнүктүрүү иштерине багытталган иш-аракеттердин мааниси баса белгиленди. Мындай демилгелер жергиликтүү билим берүү стандарттарын жогорулатып, түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурасына салым кошот.

Биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев жыйындын жемиштүү өткөнүн белгилеп, даанышмандарга баалуу кеңештери жана сунуш-пикирлери үчүн ыраазычылык билдирди.

Жогорку окуу жайлардын өзгөчө статуска ээ болуусунун маанисине көңүл бурган биринчи проректор буларга токтолду: “Өзгөчө статуска болуу - академиялык эркиндик менен катар финансылык эркиндикти да алып келет. Бул окуу жайдын финансы кантип табылат, кантип пайдаланылат, эмнеге жумшалат жана кантип үнөмдөлүп жатканын аныктоочу күчү болуп эсептелет. Бул сыяктуу чоң мүмкүнчүлүктөр университеттерге эркин жана көзкарандысыз жол картасына шарт түзөт”, - деди.

КТМУнун эл аралык статусу жогору экенин белгилеген саясий и. к., доцент Ибраев дүйнөдөгү мыкты 1000 университеттин катарына Кыргызстандан жалгыз “Манас” университети киргени сыймык, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик  экенин айтып, “Биз бул ийгиликтин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн көбүрөөк иштеп, окуу жайыбызды алдыга жылдыруу үчүн болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек”, - деди.

Жыйында талкууланган идеялар “Манас” университетинин эл аралык аренадагы ийгилигинин артышына жол көрсөтөрүнө ишенерин айткан саясий и. к., доцент Ибраев мындай жолугушуулар университеттин өнүгүүсүндө чоң роль ойноорун кошумчалады.

КТМУнун проректору, PhD., профессор Режаи Доган өз сөзүндө жыйындын максатына токтолуп, университеттердин коомдун муктаждыктарына канчалык деңгээлде шайкеш келерин жана бул шайкештиктин окуу жайдын ийгилигине кандай таасир тийгизээрин баса белгиледи. PhD., профессор Доган: “Бир муктаждыктан жаралган университет коомдун муктаждыктары менен канчалык бирдей болсо, ошончолук ийгиликтүү болот”, - деди.

PhD., профессор Доган жыйында сунушталган баалуу сунуштарга да токтолуп, кеңештин мүчөлөрүнүн пикирлери боюнча тиешелүү факультеттер менен кызматташтык жүргүзүлөрүн жана бул сунуштардын конкреттүү кадамдарга айлануусу үчүн аракеттер баштала турганын белгиледи. Ошондой эле кеңештин мүчөлөрү менен дайыма байланыш болорун баса белгилеп, мындай жыйындар университеттин өнүгүү жолунда маанилүү багыт көрсөтөрүн айтты.

Жыйындын жүрүшүндө түрк дүйнөсүнүн эң маанилүү жана дүйнөдөгү эң чоң эпосу болгон “Манастын” атын сыймыктануу менен алып жүргөн “Манас” университетинин түрк мамлекеттеринин ортосунда алтын көпүрө катары кызмат көрсөткөнү, дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин рейтингинде алдыңкы орундарда турганы баса белгиленди. Ошондой эле күн тартибине коюлган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон колдоолорду көрсөтүү боюнча биргелешкен макулдашуу жетишилди.

Жыйын PhD., профессор Алпаслан Жейландын баа берүү сөзү жана эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/DCllxfzNVZo/

Manas TV'nin Haberi:

https://youtu.be/fuOuO6D3k-o?si=vRFyJHKfc2UfXpds

    Социалдык медиада бөлүшүү