Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында Түрк инженерлер ассоциациясы тарабынан уюштурулган “Түрк дүйнөсүнүн эл аралык инженердик конгресси” Анкаранын маалыматтык технологиялар жана байланыш башкармалыгынын (BTK) жыйындар залында болуп өттү.
Аталган конгресске Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министринин орун басары Өмер Фатих Саян, Түрк инженерлер ассоциациясынын төрагасы Яшар Йекебагжы, Мемур-Сен төрагасынын орун басары Хажы Байрам Тонбул, Түркиянын Каму-сен төрагасы Өндер Кахвежи, Президенттикке караштуу илим, технология жана инновация саясаттары кеңешинин мүчөсү Осман Жошкун жана Ак партиянын төрагасынын орун басары Бельгин Уйгур катышты. Мындан тышкары, конгрессте Кыргызстан, Казакстан жана Азербайжандан чакырылган баяндамачылар, окумуштуулар, академиктер орун алды.
Түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана орток келечеги
Транспорт жана инфраструктура министринин орун басары Өмер Фатих Саян иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөп, инженерия тармагындагы жетишкендиктер Түрк-Ислам биримдиги жана орток маданий баалуулуктардын айланасында биригип, дагы да күчтүү келечекке багытталышы керектигин баса белгиледи. Саян орток баалуулуктар жана максаттар менен бириккен түрк дүйнөсүнүн ар кандай кыйынчылыктарда дагы натыйжалуу күрөшө аларын билдирди.
Илимий иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин инженердик факультетинин электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнүн башчысы, PhD., профессор Мирбек Турдуев конок баяндамачы катары катышты.
Конгрессте Түрк-Ислам цивилизациясынын маанилүү инсандары Аль-Фараби жана Аль-Жазаринин инженерия тармагына кошкон салымдары баса белгиленип, алардын эмгектери бүгүнкү инженердик билимин шыктандырып жатканы айтылды. Анда Аль-Фарабинин математикалык маселелерди чечүүгө багытталган ыкмалары менен Аль-Жазаринин механикалык принциптеринин заманбап инженерияда чагылдырылышына өзгөчө көңүл бурулду.
Түрк дүйнөсүндөгү инженерияда жаңы горизонттор
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде башталган “Улуттук технология кыймылы” концепциясынын түрк инженерлеринин эл аралык аренадагы жетишкендиктерин бекемдегени белгиленди. Конгрессте түрк дүйнөсүндөгү UAV жана UCAV технологиялары, ата мекендик спутниктер, 5G технологиясы жана кайра жаралуучу энергия долбоорлору сыяктуу тармактарда жетишкендиктер баса белгиленди. Мындан тышкары, түрк дүйнөсүндөгү инженердик жана технологиялык өнүгүүлөр талкууланып, ага ылайык, түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана инженердик кызматташтыкты чыңдоо керектиги баса белгиленди. Бул биримдиктин негизинде түрк дүйнөсүнүн экономикалык жана технологиялык көз карандысыздыгына салым кошо ала турганы айтылды.
Конгресске конок баяндамачы катары чакырылган “Манас” университетинин инженердик факультетинин электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнүн башчысы, PhD, профессор Мирбек Турдуев “Фотоникалык структураларды долбоорлоодо интеллектуалдык оптималдаштыруу методдору: Жасалма интеллект жана машинаны үйрөнүү” деген темада презентация жасады. Анда жогорку тактыкты жана татаалдыкты талап кылган фотоникалык конструкцияларды долбоорлоо процесстеринде жасалма интеллекттин (AI) жана машинаны үйрөнүүнүн (ML) өзгөртүүчү ролуна токтолду. Презентациясында PhD., профессор Турдуев бул акылдуу ыкмалардын изилдөө жана өнөр жайдагы трансформациялык эффекттерин баса белгиледи.
PhD., профессор Турдуев презентациясынын соңунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин билим берүү жана изилдөө тармагындагы ишмердүүлүгүн таанытып, окуу жайдын инженерия тармагындагы салымдары тууралуу катышуучуларга айтып берди.
Конгресс инженерлердин арасында кызматташтыкты бекемдеп, келечектеги өнүгүүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган маанилүү кадам катары бааланды.
Haberin Fotoğrafları: