Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында 2025-жылдын 24-июнь күнү “Педагогдордун квалификациясын жогорулатуу” (Жогорку билим берүүдө менторлук, кеңешчилик жана студенттерге багыт берүү) аттуу билим берүү программасы өткөрүлдү.
КТМУ менен Ахмет Ясави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинин ортосундагы академиялык кызматташтыктын алкагында үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан уюштурулган программанын ачылыш аземи Касым Тыныстанов жыйындар залында өттү.
Программанын ачылыш аземине ректор, профессор, Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Режаи Доган жана эки окуу жайдын окутуучулары катышты.
Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректор Жейлан үстүбүздөгү жылдын 19-майында Ахмет Ясави университетинде өткөн экинчи орток окумуштуулар жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, “Педагогдордун квалификациясын жогорулатуу” алкагында жайкы жана кышкы билим берүү программаларын уюштуруу чечими кабыл алынганын эске салып, биринчиси “Манас” университетинде ишке ашырылып жатканына кубанычта экендигин билдирди.
Боордош эки университеттин бул жолугушуусу академиялык гана эмес, түрк дүйнөсүндөгү жалпы билим берүүнүн идеяларынын жолугушуусу экенин баса белгилеген профессор Жейлан: “КТМУ академиялык турмуш менен илимий өндүрүштүн Борбор Азиядагы булагы катары түрк дүйнөсүнүн жаштарына багытталган комплекстүү билим берүү миссиясын аткарып келет. Ахмет Ясави университети болсо, тарыхый акылмандыкка таянган, заманбап жогорку билим берүүнү маданий баалуулуктар менен айкалыштырган модель курууда”, – деп билдирди.
Семинар эки университеттин тажрыйбасын жалпы бир негизде бириктирип, идеялар жана тажрыйбалар аркылуу бири-бирине дем берген маанилүү башталгыч экенин билдирген профессор Жейлан жайкы билим берүү программасынын алкагында сегиз тема аныкталганын, маанилүүлүгүнөн улам биринчи семинар “Кеңешчилик жана студенттерге багыт берүү” темасында өтөрүн баса белгиледи. Университеттин күчү академиялык басылмалардын саны же лабораториялык мүмкүнчүлүктөр менен эле эмес, студенттер менен болгон мамиледе экенин айткан профессор Жейлан бул байланыш көбүнчө жетекчинин кеңеш, окутуучунун багыт берүүсү менен түзүлөрүнө көңүл бурду.
Кеңешчилик жана багыт берүү жөн гана маалымат таратуу эмес, студенттин ички дүйнөсүн түшүнүү экенин айткан профессор Жейлан: “Кеңешчилик – бул коштоп жүрүүнүн конкреттүү түрү жана адамгерчиликтин эң мыкты үлгүсү. Студенттин тынчсызданууларын түшүнгөн, максаттарына бирге умтулган академиялык кадр адамдын гана эмес, ошол эле учурда мекеменин келечегин да калыптандырат”, – деди.
Педагогдордун квалификациясын жогорулатууга багытталган бул программанын жаңы окутуу технологияларынан этикалык сезимталдыкка, коммуникациялык көндүмдөрдөн маданий аң-сезимге чейин кеңири чөйрөнү камтыганын белгилеген профессор Жейлан бул семинар аркылуу жөн гана маалымат берүүнү эмес, ошол эле учурда тажрыйбаны арттырууну көздөгөнүн айтты.
Сөзүнүн соңунда бул процесс жеке өнүгүүгө гана эмес, институционалдык эс тутумду да байытаарын билдирген профессор Жейлан бул кызматташтык келечекте биргелешкен сабактардын мазмунунан илимий долбоорлорго, алмашуу программаларынан билим берүү моделдерине чейин көптөгөн тармактарда жол көрсөтүүчү болорун белгиледи. “Академиялык өндүрүш жамааттык түрдө ишке ашат жана университеттердин биргелешип иштеп чыгара аларын көрсөтүү жагынан бул жолугушуу негизи башталгыч болуп эсептелет”, – деп, семинарды уюштурууга салым кошкон академиялык жана административдик кызматкерлерге, окутуучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирип; жемиштүү, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан жана бекем байланыштар түзүлгөн программа болсун деген тилек менен сөзүн аяктады.
Проректор, профессор Режаи Доган семинардын жүрүшү жана темалары тууралуу маалымат берди.
Программанын биринчи күнү катышуучуларга теориялык жана практикалык жактан кеңири мазмунду камтыган лекциялар жана ачык отурумдар менен башталды. Окутуучу, Др. Назира Турсунбаева “Жаңы муундагы студенттин профили жана академиялык коммуникация” аттуу баяндамасында санариптик доордо өскөн студенттердин билим алууга болгон мамилеси, коммуникациядагы күтүүлөрү жана академиялык өз ара аракеттерин талдап берди. Жаңы муундагы студенттер менен натыйжалуу байланыш түзүүнүн жолдорун педагогикалык ыкмалар менен айкалыштырган Турсунбаева окутуучулардын байланыш тилин жана ыкмаларын өзгөртүүсү каалоо эмес, зарылчылык экенине көңүл бурду.
Андан кийин доцент Алия Куралбаева “Кеңешчиликтеги ролдор, чектер жана күтүүлөр” аттуу баяндамасы менен академиялык кеңешчиликтин көп кырдуулугун түшүндүрдү. Жетекчинин жөн гана академиялык жол көрсөтүүчү эмес, ошол эле учурда ишенимдүү багыт берүүчү экенин баса белгилеген Куралбаева; ролдорду так аныктоо, этикалык чектерди жана өз ара күтүүлөрдү так белгилөө кеңешчилик мамилесинин негизги өзөгүн түзөрүн билдирди.
Андан ары “Сабактагы байланыш: студенттер менен байланыш түзүү оңойбу?” жана “КТМУ менен Ясавидеги кеңешчиликтин түрдүү тажрыйбалары” аттуу ачык талкуу аркылуу катышуучулар арасында интерактивдүү маалымат алмашуу жүргүзүлдү. Окутуучулар кеңешчилик кылуудагы түрдүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, студент менен окутуучунун ортосундагы байланышты бекемдөө боюнча пикир алмашышты.
Окутуунун экинчи күнү академиялык кеңешчилик кылуунун психосоциалдык аспектилерине жана кесиптик кеңешчиликке багытталган маанилүү сессиялар менен уланды. Доцент Эркан Эфилти “Академиялык жана психосоциалдык көйгөйлөргө мамиле” деген баяндамасында студенттердин академиялык кыйынчылыктары, жеке кризистери жана адаптация көйгөйлөрү сыяктуу көп кырдуу маселеге кеңири концепция сунуштады.
Андан кийин доцент Сейил Нажимудинова “Карьералык багыт берүү жана студентти максатка багыттоо” аттуу баяндамасында студенттин потенциалын туура багыттоо жана жеке карьералык жолдорун түзүүдө жетекчинин аткарган маанилүү ролун карап чыкты. Максатка багытталган ыкмалар менен бирге студенттин мотивациясын жогорулатуучу ыкмаларды мисалдар менен түшүндүргөн Нажимудинова, кесиптик кеңешчилик жөн гана кесип тандоо менен чектелбестен, жеке өнүгүүнү да камтыган комплекстүү процесс экенин билдирди.
Күндүн ачык отурумдарында “Студенттер келечектен эмнени күтүшөт?” жана “Кеңешчи катары кыйын кырдаалда кантип иш алып барабыз?” темаларынын алкагында жүргүзүлгөн интерактивдүү түрдүү кеңешчиликтеги түрдүү ыкмаларды салыштырууга мүмкүнчүлүк берди. Бул отурумдар жалпы көйгөйлөргө карата чыгармачыл, колдонууга мүмкүн болгон жана маданий сезимталдыкты камтыган чечим сунуштарын иштеп чыгууга негиз түздү.
Үчүнчү күндүн отурумдарында кеңешчилик процесстерине эл аралык жана маданий өңүттөн караган баяндамалар орун алды. Окутуучу, Др. Халил Четин “Эл аралык жана маданияттар аралык кеңешчилик” деген баяндамасында көп маданияттуу окуу чөйрөлөрүндө кеңешчинин динамикасын жана маданий сезимталдыктын маанилүүлүгүн түшүндүрдү.
Профессор Мехмет Ариф Өзербаш болсо “Кеңешчиликтеги этикалык позиция жана кесиптик компетенттүүлүк” аттуу баяндамасында академиялык кенешчилик кылуунун жөн гана маалымат берүү менен чектелбестен, жогорку этикалык жоопкерчиликти, кесиптик компетенттүүлүктү жана жетектөө көндүмдөрүн талап кылган көп кырдуу процесс экенин баса белгиледи. Кеңешчилик кылуу милдетин аткарган окутуучулар студент менен болгон мамиледе этикалык принциптерге ылайык ырааттуу, ишенимдүү жана так аныкталган ыкманы колдонушу керектигин белгилеген профессор Өзербаш кесиптик компетенттүүлүк академиялык билим менен гана эмес, адамгерчилик менен да калыптанарын билдирди.
Ачык отурумдарда каралган “Этикалык жана укуктук жактан чектердин белгисиз болгон учурлары” жана “Маданияттар аралык кеңешчилик кылуудагы кыйынчылыктар жана ийгиликтүү колдонмолор: Тажрыйбалар” деген талкуулар жөн гана теориялык маалымат берүү менен чектелбестен, катышуучуларга тармакка байланыштуу реалдуу жашоо тажрыйбалары менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Үч күн бою алты окуу программасынын алкагында өткөрүлгөн окутуу процесси эки университеттин окутуучулары тарабынан жүргүзүлдү. Окутуу салттуу баяндоо ыкмаларынан тышкары, катышуучулар активдүү катышкан интерактивдүү ачык отурумдар менен коштолду. Бул заманбап окутуу түшүнүгү аркылуу жөн гана маалымат берилген жок, ошол эле учурда өз ара тажрыйба алмашуу болуп, топтук иштер менен тереңдетилди. Катышуучулар түрдүү перспективалардан алынган талкуулар менен академиялык кругозорлорун кеңейтишти, ошону менен бирге эки университеттин ортосундагы кызматташтык да бекемделди.
2025-жылдын 26-июнунда өткөрүлгөн сертификат тапшыруу аземи менен билим берүү программасы ийгиликтүү аяктады. Программанын жабылыш сөзүн сүйлөгөн үзгүлтүксүз билим берүү борборунун төрагасы, доцент Эркан Эфилти процессти баалап, сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, катышуучулардын басымдуу көпчүлүгү окутуу процессине канааттанганын билдирди. Катышуучулар окутуу убактысын жалпысынан жетиштүү деп эсептешкен жана мазмундар пландаштырылган убакыттын ичинде натыйжалуу берилгенин айтышкан. Доцент Эфилти программанын күчтүү жактарына да көңүл буруп; билим берген окутуучулардын эксперттик деңгээли, тажрыйба алмашуулары, окуяларга негизделген баяндамалары, эркин трибуна колдонуулары жана эки университеттин ортосунда түзүлгөн кызматташтык өзгөчө элементтердин арасында орун алганын баса белгиледи.
Катышуучулар билим берүү менен студент байланыштары, багыт берүүдөгү милдеттер жана академиялык кеңешчилик кылуу жаатында жаңы жана түрдүү перспективаларга ээ болушканын белгилеп, бул жетишкендиктердин кесиптик өнүгүүлөрүнө олуттуу салым кошконун билдиришти.
Иш-чаранын соңунда программага салым кошкон окутуучуларга ыраазычылык баракчалары, ал эми окутуучуларга сертификаттар ыйгарылды.
Программа катышуучулардын жана педагогтордун жалпы жамааттык эстеликке сүрөткө түшүүсү менен аяктады.