"Манас" университетинде “Түрк мамлекеттеринин уюму жана түрк дүйнөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун келечеги” аттуу форум башталды


  • 2023-07-05

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Түрк мамлекеттеринин уюму жана түрк дүйнөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун келечеги” аталышындагы Эл аралык мамлекеттик башкаруу форуму башталды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 2023-жылдын 5-июлунда башталган жана 25 секция менен улана турган Эл аралык мамлекеттик башкаруу форуму 3 күнгө созулат.

Программанын ачылышында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан сөз сүйлөп, Кыргызстандын аймагындагы мамлекеттик башкаруунун бүгүнкү күндөгү жана келечектеги абалын талкууга алууну максат кылган абдан маанилүү жыйындын башталгандыгын баса белгиледи.

“Байыртадан бери башкаруучулукту жашоо образы катары алып келген улуу элдин урпактарыбыз. Буга байланыштуу тарыхыбызда көптөгөн мисалдар бар. Хунн мамлекетинин султаны Метехан лидерлик жөндөмдөрү менен урууларды чогултуп, мамлекеттик башкаруунун кандай болоорун өзүнүн кишилиги, башкаруусу жана адилеттүүлүгү менен ачып көрсөтүп бере алган. Батыш өлкөлөрүндө “Кудайдын кылычы” деп аталган Атилланы эске алганда, анын аскердик жетекчилик жөндөмдөрү жана лидерлиги менен алдыңкы планга чыккандыгын көрө алабыз. Билге Кагандын мамлекетти түптөгөндөн кийин каада-салттарды кармануу менен мамлекетти башкаргандыгы лидерликтин мыкты мисалдарынан бири болуп бере алат”, – деди ректор Алпаслан Жейлан. Аталган иш-чарада ректор Алпаслан Жейлан мамлекеттик башкарууда “кут” салтынын дагы өзгөчө орду бар экендигин баса белгилеп өттү.

 “Түркия Республикасынын түптөлүшү менен бирге көптөгөн тармактарда, өзгөчө мыйзамдуулук жана аялдардын укуктары жаатында жаңылыктар болду. Азыр биз жаңы кылымдын эшигин ачтык. Президентибиз “Түркиянын кылымы” деп жарыялаган жана “Түрк дүйнөсүнүн кылымы” катары уланган жаңы кылымдын босогосунда турабыз. Албетте, бул кылымда бизди көптөгөн жаңылыктар күтүп турат. Маалыматтарды талдоодогу өзгөрүүлөр, жасалма интеллект долбоорлору, жаңы инструменттер, ыкмалар, технологиялык маалыматтар менен камтылган тынымсыз жаңыланып жаткан процессте жүрөбүз”,- деди ректор Алпаслан Жейлан. Сөзүн жыйынтыктап жатып профессор Алпаслан Жейлан форумдагы бардык катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди.

КТМУнун биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова өз сөзүндө: “Түрк мамлекеттеринин уюму жана түрк дүйнөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун келечеги” аттуу Эл аралык мамлекеттик башкаруу форумунун Кыргызстанда жана Манас университетинде өткөрүлүп жаткандыгы биз үчүн абдан маанилүү. Өзгөчө форумдун жыйынтыктары Кыргызстан жана Түркия мамлекеттери үчүн дагы абдан маанилүү роль ойнойт.”

Түркия Республикасынын мурдагы депуттарынан бири болгон Режеп Шекер форумда катышуучуларга төмөнкүдөй кайрылды: “Европа жана Батыштагы өлкөлөр саясий, экономикалык  жана өзгөчө социалдык тармакта көптөгөн көйгөйлөргө кабыла баштагандыгы менен Азияда жаңы доор пайда болуп жаткандыгын байкасак болот. Өзгөчө бул жаңы доор Түрк дүйнөсүндө жана Түркияда башталат”. Режеп Шекер Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясында (TÜRKPA) кызмат кылган мезгилде түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүндө болгондугун жана ал жактарда кызматташтык, соода, маданий карым-катнаштар жана башка тармактардын күн санап өсүп-өнүгүп жаткандыгын айтып өттү. Өзгөчө түрк дүйнөсүнүн бул кылымда аты дүйнөгө жаңыра тургандыгын баса белгиледи.

Түркияда, Кыргызстанда жана түрк дүйнөсүндө мамлекеттик тармактардагы инновацияларга жана мамлекеттик башкаруунун маанисине токтолгон КТМУнун Экономика жана башкаруу факультетинин деканы проф. др. Серхат Бурмаоглу, Караманоглу Мехметбей университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин деканы проф. др. Эржан Октай жана ТИКА координатору др. Нури Кылыч катышуучуларга жана форумдун уюштурулушуна салым кошкондорго ыраазычылык билдиришти.

Ачылыш сөзүнөн кийин секциянын төрагасы проф. др. Эржан Октай жана проф. др. Хикмет Кавруктун “Кырсыктарга каршы акылдуу жана туруктуу шаар трансформациясы”, проф. др. Угур Өмүргөнүлшендин “Шаарды трансформациялоонун натыйжасында алынган пайданы бөлүшүү”, проф. др. Хюлья Эшки Угуз, “Түрк дүйнөсү кайда?”, проф. др. Насух ​​Услунун “Бүгүндөн келечекке карай: Түркия-Кыргызстан мамилелери”, проф. др. Байрам Жошкундун “Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин электрондук өкмөт тиркемелеринин салыштырылышы”, проф. др. Доган Нади Леблебижинин “Мамлекеттик башкарууда санариптик кайра түзүмдүүлүк” аттуу баяндамалары менен уланды.

 

ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

Haber fotoğrafı: https://www.instagram.com/p/CuUqNdytozM/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==

Haber Videosu: https://www.youtube.com/watch?v=SrNSH45creQ

    Социалдык медиада бөлүшүү