Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түрк цивилизациясын изилдөө борбору тарабынан түрк дүйнөсүнүн бай мурасын жана цивилизациясын жакындан таануу, изилдөө жана жайылтуу максатында уюштурулган IV Эл аралык “Түрк цивилизациясы” конгрессинин ачылыш аземи Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөрүлдү.
Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн конгресстин төрагасы, профессор Мехмет Ариф Өзербаш түрк дүйнөсүнүн маданий баалуулуктарынын тездик менен өнүгүп жаткан технология аркылуу жакындан байкалып, өздөштүрүлүп жатканы кубандырарын баса белгиледи. Бул конгресстин түрк дүйнөсүнүн негизги билим берүү жана маданий өлчөмүн эл аралык перспективада кароону максат кылганын билдирди.
“Бул жеке эле өнүгүү эмес, боордош өлкөлөр менен маданий байланышыбызды чыңдоодогу маанилүү кадам,” – экенин айткан конгресстин төрагасы иш-чаранын түрк дүйнөсүнүн маданий байланышын эл аралык платформада кеңири аудиторияга тартуулоо, талкуулоо жана келечекке болгон көз караштарды көрсөтүү менен бекемдейт деген ишеничин билдирди.
Ошондой эле аталган маңыздуу конгресстин уюштурулуусуна жана ийгиликтүү өткөрүлүп жатканына чоң салым кошкон Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди.
Конгресстин төрагасынын ачылыш сөзүнөн кийин биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова конгресстин мазмунуна жана маанилүүлүгүнө токтолуп, мындай деп улантты: “Эгемендик менен кошо келген тарыхый шарттарда, айрыкча, Кыргызстанга окшогон жаңыдан көз карандысыздыгына ээ болгон мамлекеттер өзүнүн улуттук дөөлөттөрүнө көбүрөөк көңүл буруп, улуттук-этникалык тек-тамырын изилдей баштады. Тегибизди, тамырыбызды канчалык изилдеген сайын, жалпы чоң мейкиндиктин мүчөсү экенибизге күбө болдук.”
Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө түрк улутунун тарыхына басып жасап, маанилүү билдирүүлөрдү берди.
Улуттардын биримдигин камсыз кылууда, тарыхын сактоодо жана эгемендүүлүктү коргоодо билим жана маданияттын орду чоң экенин баса белгилеген ректор, профессор Алпаслан Жейлан түрк улутунун биримдигин камсыз кылуу үчүн тилдин маанисине токтолду. Орток байланыштын түркчө экенин белгилеп, тил менен бирге билим жана маданияттагы маалыматтын аздыгы түрк улутунун маданий жашоосуна терс таасирин тийгизгенине көңүл бурду.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан түрк улутунун тарыхынан, тилинен жана маданиятынан алган күч менен бириге турган күндөрдүн келерине ишенгенин, бул максатка жетүү үчүн билим жана маданият тармагында дагы көп аракет кылуунун маанилүү экенин баса белгиледи.
Профессор Алпаслан Жейлан тарыхтын жаңы бурулуш учуруна кирген түрктөрдүн орток социалдык жана экономикалык тармактарын өнүктүрүп, бирге бекем жолдорду, көңүл көпүрөлөрүн куруп, кечээки күндү унутпоо, бүгүнкүнү кайдыгер калтырбоо, орток келечекке карай жолдогу тоскоолдуктарга көңүл буруу менен муундардын биримдигин орнотуунун маанисине токтолду. Бул баалуулуктар түрк дүйнөсүнүн жетишкендиктери менен корголушу керектигин белгиледи.
Конгресстин кызыкдар тараптарынан Гази университетинин ректору, профессор Муса Йылдыз ачылыш сөзүндө иш-чаранын түрк дүйнөсүндөгү маанисине токтолуп: “Бул конгресс түрк дүйнөсү чогулуп, орток көз карашты жараткан жана маданий байланыштарын бекемдеген маанилүү иш-чара,”-деди. Ошону менен бирге Кыргызс-Түрк “Манас” университети Түркия Республикасынын түрк дүйнөсүндөгү жаркыраган жылдызы экенин айтып, конгресс учурунда аткарыла турган иш-аракеттер түрк дүйнөсүнүн биримдигине салым кошот деген ишеничин билдирди.
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, доцент Бекмурза Зулуев сөзүн Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгы менен түрк боордошторду куттуктоо менен баштап, мындай деп улантты: “Түрк дүйнөсүнүн мыкты илимпоздорун, изилдөөчүлөрүн жолуктуруп, түрк цивилизациясын, маданиятын бириктирүүдө Түркия Республикасынын салымы чоң,”- экенин белгилеп, түрк дүйнөсүнөн чыккан аалымдар, илимпоздор дүйнө жүзүндө мыкты ачылыштарды жасайт деген ишеничин билдирди.
Сөз сүйлөгөндөрдөн кийин ачылыш отурум “Манас университетинин” ректору, профессор Алпаслан Жейландын жетекчилигинде катышуучулар тарабынан кызыгуу менен кабыл алынды.
Конгрессте түрк дүйнөсүнүн 6 өлкөсүнөн (Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) келген 230 илимпоз жолугушту. Жалпысынан 36 отурум жана 203 баяндама жасалган конгрессте 24 отурум бетме-бет, 12 отурум онлайн форматта өткөрүлдү. Билим жана маданият темаларына басым жасаган бул конгресс түрк дүйнөсүнүн терең маданий мурастарын эл аралык платформада кеңири аудиторияга тартуулоо жана талкуулоо мүмкүнчүлүгүн берди.
ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү
https://www.instagram.com/p/Cz_AwwdN478/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==
https://www.instagram.com/p/C0Gzl5tN7-2/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==
Instagram:
https://www.instagram.com/reel/Cz-yZxMtun6/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==