Түрк дүйнөсүнүн сүрөтчүлөрү “Манаста” жолугушту


  • 2023-12-11

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында 2023-жылдын 11-декабрында түрк дүйнөсүнүн жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сүрөт көргөзмөсү искусство сүйүүчүлөрүнө эшигин ачты. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан эргүү алып тартылган сүрөттөр чоң кызыгуу жаратты.

Көргөзмөгө “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан,  проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган, башкы катчы, доцент Октай Өзгүл, көргөзмөнүн көркөм жетекчиси, профессор Рефик Азиз, көптөгөн окутуучулар, студенттер жана искусство сүйүүчүлөрү катышты. Сүрөт көргөзмөсүнө келген маанилүү коноктордун арасында Чыңгыз Айтматовдун кенже уулу Элдар Айтматов жана жубайы Сабира Айтматова да болду. Ошондой эле түрк дүйнөсүнүн алдыңкы сүрөтчүлөрүнүн катышуусунда өткөн көргөзмөдө майлуу боёк жана скульптуралар искусство сүйүүчүлөр менен жолугушту.

Көргөзмөнүн ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректордун башкы кеңешчиси, профессор Режаи Доган көргөзмөгө узак убакыттан бери даярдык көрүлгөнүн айтып, түрк дүйнөсүнүн кайталангыс көркөм сүрөтчүлөрүнө ыраазычылык билдирди.

Көргөзмөнүн көркөм жетекчиси, профессор Рефик Азиз ачылыш сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көргөзмөдөгу эмгектерде чагылдыруу чоң сыймык экенин белгилеп, бул үчүн “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди. Профессор Рефик Азиз  келечекте ишке ашыра турган эмгектери үчүн толкунданганын жана жолугушуу кубаныч тартуулаганын билдирди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан сөзүн түрк дүйнөсүнүн жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сүрөт көргөзмөсүн уюштурууга жардам берген профессор Режаи Доганга рахмат айтуу менен баштап, мындай деп улантты: “Биз түрк дүйнөсүнүн университети болуу кыялын ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Ошондуктан түрк дүйнөсүнөн келген искусство адамдары ар дайым университетибизге келишсе болот. Аларды коноктоо биз үчүн чоң сыймык,”-деди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан Чыңгыз Айтматовдун жан дүйнөсүн түшүнүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, чыгармаларынын жөн гана окуй турчу тексттер болбогонун, ошол эле учурда андагы  камтылган сыр сөздөр чоң мааниге ээ болгонун айтты. Тоталитардык режим учурунда жазылган чыгармаларды түшүнүп окууну айткан ректор, профессор Алпаслан Жейлан: “Биздин биринчи милдетибиз-Чыңгыз Айтматовдун философиясын, ойлорун жана искусство дүйнөсүн жакшы түшүнүү. Экинчи милдетибиз-Чыңгыз Айтматовдун түрк кимдигине байланыштуу эмгектерин изилдөө,”-деди.

“Манас” үй-бүлөсү катары түрк дүйнөсүнүн искусство дүйнөсүндө өсүп келе жаткан өнөрпоздорун ар дайым колдой тургандарын белгилеген ректор Жейлан түрк маданиятына жана өзгөчөлүгүнө салым кошкон ар бир эмгекке маани беришерин билдирди.

Мындан тышкары ректор Жейлан өз сөзүндө сүрөтчү болуу оңой эместигин белгилеп, “Ар дайым түрк дүйнөсүндө өскөн бардык өнөрпоздорубуздун жанындабыз,”-деди жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракеси менен куттуктап, анын чыгармаларына тереңдеп кирип, жан дүйнөсүн ачуу зарылдыгын белгиледи.

Белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган сүрөт көргөзмөсүнө түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү сүрөтчүлөрү катышып, искусство майрамын жаратышты. Көргөзмөдө Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын  21 атактуу сүрөтчүсүнүн 45 баалуу көркөм чыгармалары менен орун алды.

Көргөзмө түрк дүйнөсүнүн бай маданий жана көркөм мурасына чоң салым кошуу менен бирге, түрк дүйнөсүнүн сүрөтчүлөрүнүн оригиналдуу пикирлери менен Чыңгыз Айтматовдун интеллектуалдык ааламын искусство сүйүүчүлөргө жеткирди.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0uCv6htiLJ/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү