Студенттер арасында “Айтматов-фиеста” республикалык фестивалы ийгиликтүү өттү


  • 2023-12-13

Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде залкар жазуучу, ойчул, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “АЙТМАТОВ-ФИЕСТА” аттуу жогорку окуу жайлардын арасында студенттердин республикалык фестивалы болуп өттү. Фестиваль гуманитардык факультети, филология бөлүмү («Орус тили жана адабияты», «Англис тили жана адабияты», «Кытай тили жана адабияты» программалары) жана Конфуций институтунун демилгеси менен өткөрүлдү.

Фестивалдын максаты - студенттерди Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына болгон кызыгууну арттыруу, студенттерди бири-бири менен жакындаштыруу, аларды лидерлик сапаттарга тарбиялоо, эң мыкты жана демилгелүү студенттерди алкоого алуу.

Иш-чаранын ачылышы эки өлкөнүн улуттук гимндеринин аткарылышы, университеттин таанытуу жана Чыңгыз Айтматов жѳнүндѳ документалдык тасманын кѳрсѳтүлүшү менен башталды. Ага университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова, гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, филология бѳлүмүнүн башчысы Бурул Сагынбаева К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций инистутунун директору Гүлзат Исаматова, кара кылды как жарган калыстар тобу, жалпы республиканын ЖОЖдорунан келген студенттер, университеттин окутуучулары, студенттер жана медиа ѳкүлдѳрү катышты. 

Филология бөлүмүнүн башчысы Бурул Сагынбаева иш-чараны ачып, студенттер арасында “Айтматов-фиеста” фестивалы үчүнчү ирет өткөрүлүп, катышуучулардын саны жылдан жылга көбөйүп, быйыл 93 студент тандалып алынды деди. Ошондой эле фестивалдын уюштуруучулары менен катышуучуларына ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций инистутунун директору Гулзат Исаматова өз сөзүндө "Кыргыз десе Чыңгыз, Чыңгыз десе кыргыз"-деп айтмакчы, кыргыз элин дүйнө жүзүнө тааныткан Чыңгыз Айтматовдун жашоосу жалпы кыргыз журтуна ар дайым өрнөк. Анын кайталангыс чыгармалары кийинки муунга көөнөргүс мурас болуп калды деди.

Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык
күндүн сууктугуна карабастан иш-чарага катышуу үчүн келгендердин баарына ыраазычылык билдирип, Айтматов менен бүткүл түрк дүйнөсү сыймыктанарын билдирди.

Биринчи проректор, э.и.к Бактыгүл Каламбекова: “Бүгүн дүйнө жүзүндө залкар жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленүүдө. Кыргыз эли эгемендүүлүктү ала электе эле дүйнөгө “Манас” эпосу жана маданиятыбыздын көөнөрбөс дөөлөтү – Чыңгыз Айтматов менен таанылган. Жазуучунун чыгармаларын дүйнө эли сүйүп окуйт. Ал өзүнүн чыгармаларын мурас кылып калтырып кетти. Мындай иш-чаралар жыл сайын өткөзүлүп келет, жөн эле өткөзүлүп калбастан ар жылы Айтматовдун жаңы кырларын таап келет. Ушундай иш-чараларга катышкандар Айтматовдон дем-күч алып мыкты инсан болушуна тилектешмин, бүгүн мыктылар жеңсин”, -деп студенттерге ийгилик каалады.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө Чыңгыз Айтматов менен бүткүл түрк дүйнөсү сыймыктанарын жана анын чыгармаларына өзгөчө мамиле кыларын айтты: ““Манас” университети – студенттерге өзгөчө көңүл бурган жана өзгөчө басым жасаган университет. Бүгүнкү иш-чарага башка сырттагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттер келип катышып олтургандыгы кубандырып жатат. Бүткүл түрк дүйнөсүнүн жаштары Айтматовду таанып, анын чыгармаларын билүүсү зарыл. Албетте, Айтматовдун чыгармаларында бизге айтайын деген маани-мазмун өтө терең камтылган, бирок ал чыгармалардын жазылган дооруна дагы көз чаптырышыбыз керек, себеби ал чыгармалар тоталитардык замандын күчөп турган учурунда жазылган. Жазуучунун атасы дал ошол мезгилдин курмандыгы болгон. Ч.Айтматов өз учурунда бардык нерсени ачык-айрым айта алган эмес, ойлорун бизге жеткире турган идеяларын ар кандай коддор, сыр сөздөр менен кагазга ороп бергенге аракет кылган. Экинчи маселе эгенмендүүлүккө жеткенден кийин Ч.Айтматов бүткүл тектеш түрк тилдүү калктарын, түрк дүйнөсүн кыдырып, жакындан таанууга аракет кылган. Ал түрк элинин бир болуусун, ынтымактуу болуусун көздөгөн жана максат кылган. Албетте, Айтматов бизге калтырып кеткен адабий мурастарды өнүктүрүшубүз керек, ал биздин негизги вазыйпабыз”, -деп фестивалдын катышуучуларына ийгилик каалады.

Фестиваль бир күндө үч багытта жүргүзүлдү. 1-багыты “Айтматовдун чыгармаларын сахналаштыруу жана көркөм окуу”, 2-багыт эссе конкурсу: “Менин дүйнөмдөгү Айтматов”, ал эми 3-багыты “Айтматов жөнүндөгү викторина” деп аталды. Фестивалдын аягында үч багыттын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды:

  1. «Айтматов-Фиеста» Гран-приси “Белый пороход” командасы, КТУ “Манас” (белек светильник-колонка-зарядка).
  2. 1-орунга 2 студент татыктуу болду: Акылтай кызы Раиса (Б.Ельцин атн.кыргыз-орус Славян унив.), Какенов Адил (К.Тыныстанов атн. Ыссык-Көл мам.унив.) (белек колонка, наущник).
  3. Төрт экинчи орун: «MELODİ» командасы (КТУ “Манас”), Бөрүбек уулу Самаган (И.Арабаев атн. Кыргыз мам.унив.), Женишбекова Айхан (КТУ “Манас”), Койчуев Батыр (Ж.Баласагын атн. Кыргыз улуттук унив.) (белек комп.чычкан менен клавиатура).
  4. Алты үчүнчү орун: Сабырбеков Төлөгөн (КТУ «Манас»), «Сүйүн-Аят» командасы (И.Арабаев атн. Кыргыз мам.унив.), «Жаш толкун» командасы (К.Карасаев атн. Бишкек мам.унив.), Базарбай кызы Мээрим (КТУ «Манас»), Сүйүнбай кызы Алвина (КТУ «Манас»), Акимова Гүлназ (И.Арабаев атн. Кыргыз мам.унив.) (белек фоторамка коплект).
  5. Ошондой эле быйыл “Манас” университетинин “Жамиля” командасы менен Б.Ельцин атындагы кыргыз-орус Славян университетинин студенти Доманова Маргарита дем берүүчү сыйлыктар (белек фоторамка коплект) менен сыйланды.

Ал эми фестивалдын үчүнчү багытында жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгына байланыштуу ар кандай суроолор берилди. Эң активдүү катышуучулар менен кѳрүүчүлѳр китептер менен сыйланышты. Ошондой эле фестивалга жигердүү катышкандыгы үчүн бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C0ylyQotIBK/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C0y2Aq1tcoM/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

    Социалдык медиада бөлүшүү