“Манас” университетинде “Түрк цивилизациясында жазуунун өнүгүшү” темасында панел болуп өттү


  • 2023-12-20

КТМУнун Түрк цивилизациясын изилдөө борбору тарабынан уюштурулган “Түрк цивилизациясында жазуунун өнүгүшү” аттуу панел 2023-жылдын 19-декабрында Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында болуп өттү.

Иш-чара эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталды. Панелдин ачылыш сөзүн сүйлөгөн КТМУнун Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун төрагасы, профессор Мехмет Ариф Өзербаш аталган иш-чараны уюштурууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирип, түрк цивилизациясынын тил жана жазуу аркылуу маданий байлыгын баса белгиледи.

Билим берүү жана изилдөө багытында өткөрүлгөн панелдин маданияттар аралык өз ара аракеттешүүнүн жана үйрөнүүнүн бир мисалы экенин баса белгилеген профессор Мехмет Ариф Өзербаш: “Бул панелдик жыйын түрк цивилизациясынын терең изилденип, маданий мурасын келечек муундарга өткөрүлүп берилиши үчүн маанилүү кадам болуп саналат,”-деди.

“Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова ачылыш сөзүндө байыркы уйгур жазууларынан тартып, руникалык жазууларга чейин өздөштүрүп, колдонуп келген байыркы түрктөрдүн аскаларга, үңкүрлөргө, балбалдарга, идиш-аяктарга чекип калтырган каалоо-тилектери, кошок-армандары, эстелик белгилери ыйык мурас болуп эсептелерин белгиледи.

Биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова жазуулардын тек гана автограф, сүрөт, ишарат белги катары эмес, өтмүштөн келген кабар экени, бүгүнкү тил менен айтканда “месседж” экени талашсыз деген пикирин билдирди.

Улутту түзгөн үч негизги өзгөчөлүк: Туу, Мекен жана Тил

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан панелдин ачылыш сөзүндө түрк улутун түзгөн негизги элементтерге токтолуп: “Улуттун өзөгүн түзгөн үч негизги өзгөчөлүк: туу, мекен жана тил,”-деди.

Түрк улутунун өтмүшүн түшүнүү үчүн көк түрк тамгаларын окуунун маанисине басым жасаган ректор, профессор Алпаслан Жейлан: “Үстүбүздө асман кулап, астыбызда жер жарылмайынча тилибизди жана салт-санаабызды эч ким буза албайт!”-деп Билге кагандын насааттарына токтолду. Ректор, профессор Алпаслан Жейлан: “Алфавит биримдиги – бул чындык,”- деген сөздөрүн айтып, түрк дүйнөсүнүн алфавит жана тил биримдиги боюнча изилдөөлөрүнүн зарылдыгына токтолду.

Ректор, профессор Жейлан сөзүнүн соңунда орток алфавитте биригүүнүн өлкөлөрдүн эгемендүүлүк үчүн күрөшү сыяктуу маанилүү бурулуш учур экенине көңүл бурду. “Ал күндөр абдан жакын жана биз өлкөлөрүбүздүн эгемендүүлүгүн көргөндөй ал күндөрдү да көрөбүз,”-деген ректор, профессор Алпаслан Жейлан түрк улутунун биримдигинин тил биримдиги менен дагы да бекемделерине ишенимин билдирип, КТМУнун Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун төрагасы, профессор Мехмет Ариф Өзербашка жана панелдин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

Панелдик жыйынга түркология бөлүмүнүн башчысы, профессор Озан Йылмаз жетекчилик кылып, катышуучуларга түрк цивилизациясындагы жазуу эволюциясы тууралуу маанилүү маалыматтарды берүү менен иш-чараны ачты.

Филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Бурул Сагынбаева панелде “Кыргыз тилинде латын алфавити маселеси” темасында маанилүү маалыматтар менен бөлүштү. Баяндамасында тилдин эволюциясын жана алфавиттин ролун терең талдоо менен кыргыз тилинин жазма тарыхына токтолду.

Доцент Таалайбек Абдиев “Азыркы кыргыз тилиндеги битик жазмасы жөнүндө” деген темада кызыктуу баяндама жасады. Сөздүн келип чыгышы, колдонулушу жана маданий байланышы боюнча деталдуу изилдөө лингвистика ышкыбоздору үчүн маанилүү перспективаларды берди.

Ал эми доц.м.а., докт. Мирзат Ракимбек уулу “Түрктөрдөгү араб жазуусу жөнүндө” деген аталыштагы баяндамасында катышуучуларга баалуу маалыматтарды берди. Түрк цивилизациясынын араб жазуусу менен байланышы жана бул байланыштын тил, маданият жана тарыхтагы издерин көрсөтүү менен панелдин ар тараптуу көз карашын чагылдырууга мүмкүнчүлүк тартуулады.

Панелдин соңунда катышуучуларга ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C1CNdxat9yO/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MjJkMmIyYzQxYw==

Manas TV Haberi: 

https://youtu.be/tytexrZ6fRE?si=bjqQuUw1PMje8KYv

    Социалдык медиада бөлүшүү