“Түрк дүйнөсүндө Нооруз майрамынын каада-салттары” аттуу илимий жыйын


  • 2024-03-20

2024-жылдын 20-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө борбору тарабынан “Түрк дүйнөсүндө Нооруз майрамынын каада-салттары” аттуу илимий жыйын өткөрүлдү.

Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн иш-чарага “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, ректордун кеңешчилери профессор Режаи Доган жана профессор Серхат Бурмаоглу, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Программанын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун төрагасы, профессор   Мехмет Ариф Өзербаш Ноорузду жаңы күн жана жаңы жылдын башталышы катары аныктап, түрк маданиятында маанилүү орунга ээ болгон бул майрамдын тамырына басым жасады. Профессор Мехмет Ариф Өзербаш: “Ата-бабаларыбыздан калган бул салтты, бул орток маданий баалуулукту түбөлүккө сактап калуу каалоосу менен сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм”, -деди.

Андан соң сөз сүйлөгөн биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова илимий жыйындын катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттуктап, сөзүн мындай деп улантты: “Нооруз майрамы бүткүл түрк дүйнөсүнүн майрамы. Биз бара-бара бири-бирибизди тааныган сайын, майрамдарыбыздын, каада-салттарыбыздын окшош жактарын тапкан сайын каны бир түрк элдеринин биримдигине салым кошкон куттуу майрамдарын бири менен дагы бир жолу куттуктайм! Нооруз майрамыңыздар кут болсун!”

Нооруздун жарыгында түрк элинин биримдиги жана ынтымагы

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө маданият бир улуттун баалуулуктарын келечекке жеткирүү экенин айтып, улуттук баалуулуктарды коргоонун зарылдыгын баса белгиледи.

Нооруздун достуктун, бир туугандыктын, боорукердиктин жана бакыттын майрамы экенин белгилеген ректор, профессор Алпаслан Жейлан түрк элдерин жакындаткан жана бириктирген улуттук каада-салттардын жыйындысы экенин белгиледи. Бул маңыздуу күндүн географиялык чектерди гана ашпастан, түрк өлкөлөрүндө кылымдар бою сакталып келген маданий көп түрдүүлүктү да камтыганын айтып өттү.

Түрк маданиятынын баалуулуктарын сактап, Нооруз майрамынын жарыгында мыкты келечек курууга чакырган профессор Алпаслан Жейлан маданий баалуулуктарга кайдыгер болуунун биримдикке жана бүтүндүккө үрөй учурарлык таасир тийгизерин белгиледи. Ушул себептен  Коркут Ата, Огуз, Манас, Ахмет Ясави, Юнус Эмре, Махтумкули Фраги, Низами Гянджеви, Жусуп Баласагын сыяктуу маанилүү инсандардын жана Нооруз сыяктуу тамыры терең үрп-адаттарыбыздын унутулбай, эскерилип жана майрамдалышы керек экендигин баса белгиледи.

Иш-чара “Түрк дүйнөсүндө Нооруз майрамынын каада-салттары” аттуу илимий жыйын менен улантылды. Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык жетекчилик кылган илимий жыйында Нооруздун ар кандай аспектилери жана мааниси талкууланды. Профессор Назгүл Турдубаева “Жаңылануунун жарчысы – Нооруз”, профессор Чагатай Акенгин “Нооруз жана искусство”, профессор Озан Йылмаз “Ырларда Нооруз”, Доц.м.а.док. Айтмамат Кариев “Динде жана кыргыздын каада-салтында Нооруз” деген темаларда баяндама жасашты.

Иш-чара баяндамачыларга сертификаттарды тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C4vG-aiNYf9/?igsh=MW12bzB6bGdzNnd0cQ==

İnstagram:

https://www.instagram.com/reel/C4udo2MNIII/?igsh=ZHI0anVpcDBxYjZ

Manas TV Haberi: https://youtu.be/FT3QYe4HvkA?si=LQMWv00QbwqTYGIk

    Социалдык медиада бөлүшүү