"Libraryturk" академиялык электрондук китеп платформасына сыноочу байланыш ачылды…


  • 2024-10-14

Университет үчүн "Libraryturk" академиялык электрондук китеп платформасына 2024-жылдын 9-декабрына чейин сыноочу байланыш ачылды.

Платформада бардык тармактар боюнча 9100дөн ашык академиялык электрондук китептер бар. Платформадан китептердин толук текстин окуу үчүн manas.edu.kg домендик корпоративдик электрондук почтаңыз менен катталууңуз керек. Каттоо учурунда "Мекеме аты" бөлүмүндө биздин университетти тандашыңыз керек.

Платформага китепкананын веб баракчасынан (http://library.manas.edu.kg Башкы бет, Жаңылыктар же Э-ресурстар-Сыноочу байланыш жеринен)  кире аласыз.

Колдонуу боюнча колдонмо бул баракта.

    Социалдык медиада бөлүшүү