“Котормо жана анын келечеги” аталышындагы IV Эл аралык симпозиум өтүүдө


  • 2023-10-20

2023-жылдын 19-октябрында Түркия Республикасынын түптөлүүсүнүн 100-жылдыгына карата Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин синхрондук котормо бөлүмү тарабынан уюштурулуп жаткан “Котормо жана анын келечеги” аталышындагы IV Эл аралык симпозиуму башталды.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к Бактыгүл Каламбекова, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк, проректор, доцент Камалбек Карымшаков, гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Уулкан Камбаралиева, Курск мамлекеттик медициналык университеттин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Олесия Раздорская, Кыргыз Республикасынын Котормочулар Биримдигинин аткаруучу директору Гүлзада Тенисбек кызы, коноктор, синхрондук котормо бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы, студенттери жана катышышты.

Симпозиумдун ачылышында боордош эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аткарылып,  университетибиздин таанытуу тасмасы көрсөтүлдү.

Заманбап дүйнөдө котормочунун ролу жана жоопкерчилиги

Иш-чаранын ачылыш сөзүндө синхрондук котормо бөлүмүнүн бөлүм башчысы, доцент Салтанат Мамбаева симпозиумдун тематикасы синхрондук котормо бөлүмүнүн багытына жараша тандалганын жана студенттерге, келечектеги изилдөөчүлөргө  пайдалуу болсун деген максатта темалар кылдаттык менен иштелип чыкканын айтты.

Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык өз сөзүндө бүгүнкү күндө технологиялар канчалык өнүксө дагы, маданият жана тарыхтагы маалыматтарды жазуунун эрежелери жок которулбай тургандыгына баарыбыз күбө болуп жатканыбызды айтып, котормочулардын ролу чоң, ошол эле учурда жоопкерчиликтери артканын билдирди. Уюштуруучуларга, баяндамачыларга жана катышуучуларга терең ыраазычылык билдирип сөзүн жыйынтыктады.

Котормочулуктун алтын эрежеси

КТМУнун биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова, симпозиумдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө эл аралык деңгээлде таанылган котормочулардын бири катары кесиптик тажрыйбасында олуттуу сүйлөшүүлөрдү которгонун айтып, котормодо эң маанилүүсү тактык экенин белгилеп, келечектеги котормочуларга котормочулуктун бул алтын эрежесин эске салды.

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан симпозиумдун мааниси тууралуу мындай деди “Симпозиумдар, натыйжалар, илимий басылмалар, албетте, маанилүү, бирок эң маанилүүсү-студенттердин сапаттуу билим алуусу.” Университетибизде президенттер, элчиликтер, министрликтердин катышуусунда өткөрүлгөн иш-чараларда, симпозиумдарда кошкон салымы үчүн синхрондук котормо бөлүмүнө ыраазычылык билдирди.

Ректор Жейлан синхрондук котормо бөлүмүнүн инфраструктурасын бекемдөө максатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, “Манас” университетинин синхрондук котормо бөлүмүнүн лабораториясы жаңыланып, Кыргызстандагы эң өнүккөн  технологиялык лаборатория куруу максаты менен бөлүштү.

Симпозиум максатына жетип, иш-чараларда тынчтыкта жолугуп, ишибизди уланта берели деген тилегин билдирип сөзүн жыйынтыктады.

Курск мамлекеттик медициналык университеттин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Олесия Раздорская баяндамасында чакыруу жана меймандостук үчүн окуу жайыбызга ыраазычылык билдирип, “Манас” университетинин Курск мамлекеттик медициналык университети менен кызматташууга кызыкдар экенине кубанычта экенин белгиледи.

Котормочулар Биримдигинин аткаруучу директору Гүлзада Тенисбек кызы түрдүү маданият менен түрдүү тилдер арасында ийгиликтүү коммуникация жүргүзүүдө котормочунун ролу ар дайым чоң экенин айтты. Котормонун сапатын жакшыртууда санариптик мүмкүнчүлүктөр жардам берерин айтып, бирок ийгиликтүү которууда котормочулардын ордун баса белгиледи.

Быйыл 4-жолу өткөрүлүп жаткан симпозиумга Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Орусиядан баяндамачылар катышып, жалпысынан 69 доклад окулат.

Симпозиум пленардык отурумдар менен башталып, секциялар “Котормонун жалпы жана практикалык көйгөйлөрү”, “Котормо жана эл аралык коммуникация”, “Тектеш тилдердин ортосунда которуудагы маселелер”, “Тектеш эмес тилдерде которуудагы маселелер”, “Котормодогу жаңы тенденция”, “Котормо жана инновациялык технологиялар” жана башка темалардын алкагында өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, симпозиум 20-октябрда жыйынтыкталат.

 

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/Cylg_1wt7Ek/?utm_source=ig_web_copy_link&igshid=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү